Аймак

OCCRP: ЭМОМАЛИ РАХМОНДУН ТУУГАНДАРЫ ӨЛКӨДӨГҮ БИР НЕЧЕ КУРОРТКО ЭЭЛИК КЫЛЫШАТ

OCCRP: ЭМОМАЛИ РАХМОНДУН ТУУГАНДАРЫ ӨЛКӨДӨГҮ БИР НЕЧЕ КУРОРТКО ЭЭЛИК КЫЛЫШАТ

 794 Бардыгы /

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун туугандары өлкөдөгү бир нече белгилүү курортко ээлик кылышат. Бул тууралуу «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жарыялаган иликтөөдө жазылган.

Ага ылайык, тажик президентинин жети кызынын биринин күйөөсү Шамсулло Сахибов «Фароз» компаниясын көзөмөлдөйт. Ал мунай өндүрүү тармагында иш алып барып, бажы терминалдарына, банк тармагындагы үлүштөргө жана автомектептерге ээлик кылат. 2015-жылы «Фароз» Душанбеден 55 чакырым алыстыкта жайгашкан жер тилкесин сатып алып, Тажикстандагы жападан жалгыз «Сафед-Дара» тоо-лыжа курортун курган. Анын ачылышына президент Эмомали Рахмон өзү катышкан. 2018-жылы тажик өкмөтү туристтик тармакта иштеген ишканаларга, анын ичинде аталган тоо-лыжа базасы үчүн салык жеңилдиктерин киргизген.

Шамсулло Сахибовдун бир тууганы Нарзулло Сахибов «Сомон-Сугд» компаниясына ээлик кылат. Бул компания 2015-жылы Тажикстандын түндүгүндөгү «Зумрад» санаторийин 950 миң долларга, анын айланасындагы 600 гектар жер аянтын 91 миң долларга сатып алган.

Нарзулло Сахибов 2014-жылдан бери мамлекеттик мекемелердин биринде жетекчинин орун басары болуп иштейт. Жергиликтүү мыйзамдарга ылайык, аткаминердин коммерциялык активдерге ээлик кылуусуна тыюу салынган.

2016-жылы президенттин күйөө баласы Шамсулло Сахибовдун дагы бир иниси Зайнулло Сохибов ээлик кылган «Рухафзо-2015» компаниясы «Шамбари» («Сатурн») курортун 395 миң долларга сатып алган.

Сахибовдордун «Шамбари» жана «Зумрад» курорттору Рахмондун жарлыгы менен чет өлкөдөн алган курулуш материалдары үчүн алынчу бажы төлөмдөрүнөн бошотулган. Учурда курорттордо оңдоо иштери жүрүп жатат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17