Аймак

КАЗАКСТАНДА ОКТОН ЖАРАКАТ АЛГАН ЖАРАНДЫК АКТИВИСТТИН СОТУ УЛАНУУДА

КАЗАКСТАНДА ОКТОН ЖАРАКАТ АЛГАН ЖАРАНДЫК АКТИВИСТТИН СОТУ УЛАНУУДА

 701 Бардыгы /

14-январда Алматы облусунун Талгар райондук сотунда жарандык активист Галина Арзамасовага ок атуу окуясына байланыштуу сот отуруму өттү.

Бул иш боюнча Панфилов айыл аймагынын мурунку акими Нургали Аппазов менен анын айдоочусу Гани Сманов жоопко тартылып жатат. Экөө тең «Бейбаштык» жана «Адамдын саламаттыгына атайылап зыян келтирүү» беренелери боюнча айыпталууда.

63 жаштагы Арзамасованы былтыр август айынын аягында Талгар райондук акимчилигинин имаратынын жанынан атып кетишкен. Натыйжада ал жаракат алган.

Сот жараянында прокурор Дамир Дарханбаев айыптоо бүтүмүн окуду. Анда 2017-2019-жылдар аралыгында мурунку аким Нургали Аппазов жарандык активистти коркутуу максатында кишилерди жалдаганы айтылат.

2017-жылы февралда белгисиз адамдар Галина Арзамасованын үйүнө келип, аны көчөгө чакырып сабап кетишкен. 2019-жылы июлда анын автоунаасын өртөө аракети болгон. Анын үйүнүн жанында бир нече жолу асманга ок атышкан.

Арзамасова – аймактагы жайыттар менен сугат суунун жетишсиздиги, жолдордун начардыгы тууралуу маселелерди көтөрүп, «жашыл аймактагы» жерлердин сатылышына каршылык билдирип жүргөн активисттердин бири.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17