Аймак

АШХАБАДДА ПЕНСИОНЕРЛЕР ТИРҮҮ ЭКЕНИН ТАСТЫКТОО ҮЧҮН КЕЗЕККЕ ТУРУШУУДА

АШХАБАДДА ПЕНСИОНЕРЛЕР ТИРҮҮ ЭКЕНИН ТАСТЫКТОО ҮЧҮН КЕЗЕККЕ ТУРУШУУДА

 772 Бардыгы /

Ашхабаддык пенсионерлер тирүү экендигин тастыктоо үчүн узун кезекке турууга мажбур болушууда. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, мындай кырдаал январдын башынан бери байкалууда.

— Мен бүгүн каттоодон өтүү үчүн Көпетдаг райондук социалдык бөлүмгө бардым. Карылар, майыптар, балалуу аялдар узун кезекте турушат, – деди кабарчы.

Тирүү экенин тасыктоо жөнүндөгү талап бир гана пенсионерлерге эмес, майыптарга жана балдары үчүн жөлөк пул алгандарга да тиешелүү. Түркмөн бийлиги киши өлгөн учурда анын пенсиясын туугандары алып албасын деген таризде дал ушундай чара кабыл алган.

2020-жылдын 1-январынан тарта Түркмөнстанда пенсия 10 пайызга көбөйдү. Пенсиянын минималдык көлөмү 338 манатты (18 доллар), мамлекеттик жөлөк пулдун минималдык көлөмү 322 манатты (17 доллар) түздү.

Январдын башында Лебап облусунун тургундары тиешелүү мекемелерге тирүү экенин тастыктаган маалымкат алып барбагандарга декабрь айы үчүн пенсия берилбегенин билдиришкен.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17