Аймак

ОРУСИЯ ӨКМӨТҮ ОТСТАВКАГА КЕТТИ

ОРУСИЯ ӨКМӨТҮ ОТСТАВКАГА КЕТТИ

 552 Бардыгы /

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев президент Владимир Путин менен жолугушуу учурунда орус өкмөтү отставкага кеткенин жарыялады.

Путин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары деген жаңы кызмат киргизүү жана бул орунга Дмитрий Медведевди дайындоо ниетин билдирди.

Андан бир нече саат мурун Орусиянын президенти Владимир Путин Федерация Кеңешине кайрылуу жасап, Конституцияны өзгөртүүнү сунуштап, мамлекет башчынын айрым ыйгарым укуктары парламентке берилиши керектигин айткан.

Ага ылайык, Мамлекеттик Думага премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрүн бекитүү укугу сунушталган. Федерация кеңеши болсо Конституциялык жана Жогорку соттун судьяларын жумуштан четтетүү жана күч түзүм башчыларын дайындоо жараянына көзөмөл жүргүзө алат.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам быйыл жай мезгилинин аягына чейин даярдалып бүтөт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17