Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: “МЕН ЖАШ ҮЙ-БҮЛӨ” АТТУУ 3 АЙЛЫК АКЫСЫЗ КУРС БАШТАЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД: “МЕН ЖАШ ҮЙ-БҮЛӨ” АТТУУ 3 АЙЛЫК АКЫСЫЗ КУРС БАШТАЛДЫ

 1,593 Бардыгы /

Жалал-Абад шаардык жаштар комитети жана “Ыйык Ата Журт” коомдук фонду тарабынан жаштарды үй-бүлө курууга болгон даярдыгын арттыруу максатында 3 айлык акысыз курс баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Аталган курска кызыккандардын саны артып, биринчи эле күнү жаштар күтүлгөндөн да көп катышышкан.

Уюштуруучулардын айтымында, жаштарда жетиштүү деңгээлде билим тажрыйба жоктугуна байланыштуу акыркы учурларда үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулуктар күч алууда. Окуу курсун уюштуруунун негизги максаты да келечекте коомдогу бекем үй-бүлөлөрдү түптөлүшүнө салым кошуу.

Мында катышуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө чектөө коюлбай, балдар менен кыздар өзүнчө окутулат. Үч ай алкагында тандалып алынган адистер тарабынан үй-бүлө күтүү жана аны пландаштыруу боюнча теориялык жана практикалык сабактар өтүлөт. Анда жаштарга билим берүү менен гана чектелип калбай, кол өнөрчүлүк, ашкана сырларын жана башка жашоого керектүү пайдалуу өнөрлөр да үйрөнө алышат.

“Аймак”

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17