Аймак

ЖОГОРКУ СОТ АСКАРОВДУН ИШИН ЖАҢЫ АЧЫЛГАН ЖАГДАЙЛАР БОЮНЧА КАРАЙТ

ЖОГОРКУ СОТ АСКАРОВДУН ИШИН ЖАҢЫ АЧЫЛГАН ЖАГДАЙЛАР БОЮНЧА КАРАЙТ

 998 Бардыгы /

Жогорку сот июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карайт. Бул маалыматты «Азаттык» радиосуна аталган соттун басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон райондук соту Аскаров боюнча бардык документтерди Жогорку сотко өткөрүп берди.

Былтыр 2-декабрда Жогорку сот Аскаровдун адвокаттарынын кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренеси боюнча жаза жылын азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.

Ал эми июль айында Чүй облустук соту Азимжан Аскаровду абактан бошотуу тууралуу жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан.

«Human Rights Watch» эл аралык уюму жакында эле дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндөгү адам укуктары жаатындагы абал боюнча кезектеги баяндамасында кыргыз соттору Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу сунушун эске албаганын билдирген.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген сыяктуу бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17