Аймак

ТАЖИКСТАНДА 7 ПАРТИЯ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШУУ НИЕТИН БИЛДИРДИ

ТАЖИКСТАНДА 7 ПАРТИЯ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШУУ НИЕТИН БИЛДИРДИ

 856 Бардыгы /

Тажикстанда 16-январга карата жети саясий партиянын 70 мүчөсү жаздын башына белгиленген парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди.

16-январдан тарта 9-февралга чейин талапкерлерди каттоо жараяны өтөт, расмий түрдө катталган талапкерлер 28-февралга чейин үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат алышат.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, каттоодон өткөн партиялар 5тен 28ге чейин талапкер көрсөтүүдө. Талапкерлердин үчтөн бири аялдар.

Тажикстанда 1-мартта өтө турган шайлоого чет өлкөдө жүргөн тажик жарандары да катыша алат. 30 өлкөдө 39 шайлоо тилкеси түзүлөт. Шайлоого 500дөй чет өлкөлүк байкоочу көз салат.

Тажикстанда талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү 5800 сомонини (600 доллар) түзөт. Оппозициячыл саясатчылар бул сумма көп экенин белгилешүүдө.

Тажикстандын Улуттук Кеңешине шайлоо беш жылда бир жолу өтөт, анда 63 депутаттык мандат бар.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17