Аймак

НУР-СУЛТАНДА ҮЛҮШЧҮЛӨР КУРУЛУШКА САЛГАН АКЧАСЫН КАЙТАРЫП БЕРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ

НУР-СУЛТАНДА ҮЛҮШЧҮЛӨР КУРУЛУШКА САЛГАН АКЧАСЫН КАЙТАРЫП БЕРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ

 917 Бардыгы /

Нур-Султандын четиндеги «Тельман парк» турак-жай комплексинин курулушуна катышып жаткан үлүшчүлөр маалымат жыйын өткөрүп, жергиликтүү бийликтен бул маселеге көңүл бурууну талап кылышты. Алардын айтымында, турак жай алты жылдан бери бүткөрүлбөй жатат.

Маалыматка караганда, былтыр 23 үлүшчүнүн даттануусунан кийин ачылган кылмыш иши жабылып калган. 4-декабрда шаардык прокуратура ишти кайрадан тергөөгө жөнөткөн. Бирок үлүшчүлөр иш дээрлик токтотулганын билдиришүүдө.

Үлүшчүлөрдүн бири Сагындык Бекбауов акимчилик бул ишке кийлигишпегенин, объектини куруп жаткан «Сункар 777» компаниясы жоопкерчиликтен кутулуп кетип жатканын билдирди. Анын айтымында, калаа бийлиги бул маселе боюнча митинг өткөрүүгө бир нече жолу уруксат берген эмес.

Акимчиликтин архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын өкүлү Даулет Рыскулов маселени турак-жай — курулуш кооперативин түзүү аркылуу чечсе болорун билдирди.

— Долбоор боюнча аз кабаттуу турак-жай куруу пландалып жаткандыктан, акимчилик бул курулуш компаниясын көйгөйлүү деп таба албайт. Бул компания менен үлүшчүлөрдүн ортосундагы маселе, — деди Рыскулов.

«Сункар 777» компаниясынын жетекчилиги бул маселе боюнча комментарий бере элек.

Нур-Султанда 51 көйгөйлүү курулуш объектиси бар болсо, алардын 39у «өзгөчө көйгөйлүү» деп табылган.

2018-жылы казак бийлиги борбор калаадагы көйгөйлүү объектилердин курулушун бүткөрүү үчүн эки жылдын ичинде бюджеттен 40 миллиард теңге (азыркы курс боюнча 105 миллион доллар) бөлүү пландалып жатканын билдирген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17