Аймак

НАМАНГАНДА МУГАЛИМДЕРДЕН ТУУГАНДАРЫНЫН ПАСПОРТТОРУНУН КӨЧҮРМӨЛӨРҮ ТАЛАП КЫЛЫНУУДА

НАМАНГАНДА МУГАЛИМДЕРДЕН ТУУГАНДАРЫНЫН ПАСПОРТТОРУНУН КӨЧҮРМӨЛӨРҮ ТАЛАП КЫЛЫНУУДА

 879 Бардыгы /

Наманганда облустук билим берүү башкармалыгы мугалимдерден бардык туугандарынын паспортторунун көчүрмөсүн талап кылууда.

Мектеп директорлорунун айтымында, жогору жактан келген тапшырмага ылайык, мугалимдер ата-энеси, балдары, бир туугандары, күйөө балдары, келиндери, кайын ата жана кайын энелеринин паспортторунун көчүрмөсүн алып келиши керек.

Билим берүү башкармалыгынын өкүлү паспорттордун көчүрмөсү электрондук эмгек китепчелерин толтуруу үчүн зарыл экенин билдирди. Бирок ал башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн, анын ичинде кайын ата жана кайын энелердин паспортторунун эмнеге керек экенин айтып бере алган жок. Ташкент жана Анжиян шаарларындагы мугалимдер аларга мындай талап болбогонун билдиришти.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17