Аймак

“ШУМКАР” АТАЙЫН БАГЫТТАГЫ ПОЛКУНУН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНӨ 6 ЖЫЛ

“ШУМКАР” АТАЙЫН БАГЫТТАГЫ ПОЛКУНУН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНӨ 6 ЖЫЛ

 2,175 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 17-январь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун түзүлгөндүгүнүн 6 жылдык мааракеси Жалал-Абад шаарында белгиленди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарага КРдин Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Алмазбек Орозалиев катышып, өздүк курамды майрамы менен куттуктап, алардын жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу жумушунда ийгиликтер болуусун каалады. Ошондой эле ички иштер органдарында үлгүлүү кызмат өтөгөн бир катар кызматкерлерлер ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБдин сыйлыктары менен сыйланышты.

Күндүн экинчи бөлүгүндө Жалал-Абад областынын аймагындагы ШРИИБдеринин ортосундагы спорттун волейбол түрү боюнча мелдеши жүрүүдө. Оюнчулар биринчилик үчүн күч сынашып, 16 команда арасындагы беттештер кызуу уланды. Жеңүүчүлөргө “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасы тарабынан кубок, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар каралган.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17