Аймак

ТАЖИКСТАНДА БИЙЛИКТИ СЫНДАГАН БЛОГЕРДИН АПАСЫ ЖУМУШТАН БОШОТУЛДУ

ТАЖИКСТАНДА БИЙЛИКТИ СЫНДАГАН БЛОГЕРДИН АПАСЫ ЖУМУШТАН БОШОТУЛДУ

 921 Бардыгы /

Германияда жашаган тажик блогеринин апасы уулу тажик бийлигинин динге болгон мамилесин сындаганлыгы үчүн жумуштан бошотулганын билдирди.

Шохида Махмаджонованын айтымында, өткөн аптада Вахдат шаарынын борбордук ооруканасынын жетекчиси аны жумуштан кетүүгө арыз жазууга мажбурлаган. Башкы дарыгер анын жумуштан бошотулушу уулунун тажик бийлигин сындаганы менен байланыштуу экенин кыйыткан. – Эмне үчүн уулуң сени ойлобойт, мамлекеттин саясатына каршы чыгат. Эмгек өргүү жана өз каалооң менен жумуштан кетүү жөнүндө арыз жаз, — деп буйрук берген башкы дарыгер.

Жумуштан бошонуу тууралуу арыз жазар алдында Шохида Махмаджонова Тажикстан Улуттук коопуздук комитетинин шаардык бөлүмүндө бир нече саат сурак берип чыккан. Атайын кызмат өкүлдөрү андан Шерзодду мекенине кайтарууну сурашкан.

Видеоблогер Шерзод Махмаджонов Германиядагы жогорку окуу жайлардын биринде окуйт. Ал тажик бийлигинин динге, анын ичинде хиджабга каршы компаниясын сындап келет. Шохида Махмаджонова уулу мекенине кайтса, дароо камалышы мүмкүн деп кооптонууда.

Вахдат шаарынын акимчилиги видеоблогердин апасынын суракка алынышы боюнча комментарий бере элек. Шаардык оорукананын жетекчилиги ага кысым болбогонун, Махмаджонова өз каалоосу менен арыз жазганын билдирди. Шохида Махмаджонова 20 жыл медайым болуп эмгектенген.

Видеоблогер Шерзод Махмаджонов «Озоди» радиосуна берген интервьюсунда тажик бийлигинин саясатын сындоону токтотпой турганын айтты.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму 14-январда жарыялаган жылдык баяндамасында Тажикстанда оппозиционерлерди жана журналисттерди куугунтуктоо жана камоо уланып жатканын белгилеген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17