Аймак

АЛА-БУКА: КӨК-ТАШ АЙЫЛЫНДАГЫ ЧЕЧИЛБЕЙ ЖАТКАН КӨЙГӨЙЛӨР…

АЛА-БУКА: КӨК-ТАШ АЙЫЛЫНДАГЫ ЧЕЧИЛБЕЙ ЖАТКАН КӨЙГӨЙЛӨР…

 2,032 Бардыгы /

КРдин Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Ала-Бука районунун Көк-Таш айылынын тургундары менен жолугушту. Анда аталган аймактагы эки жыл мурда башталып бүтпөй калган социалдык объектилердин курулушуна байланыштуу маселени чечүү жолдору талкууланды.
2018-жылы “Некстрой” курулуш компаниясы эки кабаттуу оорукана, бала бакча, эки спорттук аянтча куруу жана электр линияларын тартуу иштерин жүргүзүү боюнча тендерден уткан. Бирок Көк-Таш айыл аймагы тарабынан тийиштүү каражат толук кандуу бөлүнүп берилгени менен компания курулушту аягына чыгарбай себепсиз токтотуп койгон. Эми курулушту аягына чыгаруу аракетинде курулуш компаниянын иши тиешелүү органдар тарабынан каралып тийиштүү жыйынтык чыгарууну област жетекчи ырастады.
Алыскы аймактагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана эл менен жолугушууга област жетекчи менен бирге областтык прокурордун убактылуу милдетин аткаруучусу,областтык ИИБнын башчысынын орун басары, областтык чек ара кызматынын башчысынын орун басары жана район акими катышты.
Иш сапардын алкагында Кыянбек Сатыбалдиев ооруканадагы бейтаптардын абалдары менен да таанышты. Ошондой эле курулушу токтоп турган социалдык объектилерге кыдырды. Мындан улам тиешелүү аракеттерди көрүү менен курулуштарды тез арада бүткөрүү зарылдыгын белгиледи.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17