Аймак

МИЛИЦИЯ ОКУУЧУЛАРДЫ КЫШКЫ ЭС АЛУУГА ТОО БООРУНА АЛЫП ЧЫКТЫ

МИЛИЦИЯ ОКУУЧУЛАРДЫ КЫШКЫ ЭС АЛУУГА ТОО БООРУНА АЛЫП ЧЫКТЫ

 1,722 Бардыгы /

Ала-Бука РИИБнин кызматкерлери мектептер аралык достукту бекемдөө үчүн Сары-Таала айылынын коопсуз деп эсептелинген Чийит-Кол участкасына окуучуларды кышкы эс алууга алып чыгышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын негизги максаты район аймагындагы окуучулар арасында ынтымакты чыңдоо, топтошуп мушташуулардын, укук бузуулардын, балдарга карата ырайымсыз мамилелердин алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат. РИИБдин кызматкерлери жаштарды кыш мезгилинде кооптуу аймактардан чана, лыжа тебүүгө болбостугун эскертишти.

Мектеп окуучулары бул профилактикалык иш-чарадан көптөгөн пайдалуу кеңештерди алышкандыктарын белгилешти.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17