Аймак

ИРАН УКРАИНАЛЫК «БОИНГДИ» ЭКИ РАКЕТА МЕНЕН АТКАНЫН МОЙНУНА АЛДЫ

ИРАН УКРАИНАЛЫК «БОИНГДИ» ЭКИ РАКЕТА МЕНЕН АТКАНЫН МОЙНУНА АЛДЫ

 817 Бардыгы /

Ирандын жарандык авиациясы украиналык «Боинг» учагынын кыйрашы боюнча экинчи баяндамасын жарыялады. Документте учак орус өндүрүшүнөн чыккан «Toр-M1» зениттик-ракеталык комплексинен кое берилген чакан радиустагы «жер-аба» классындагы эки ракета менен атылганы айтылат.

Иран бийлиги билдиргендей, «Украина эл аралык аба жолдоруна» таандык учакка түндүк тараптан сокку болгон. Ал Тегаран аэропортунан учуп чыккандан алты мүнөт өткөндөн кийин негизги радардын экранынан көрүнбөй калган. Ракета тийгенден кийин учак тездик менен төмөндөп, багытын жоготуп, коомдук парктагы футбол талаасынан өтүп барып кулаган жана өрттөнүп кеткен.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө ракеталар учакка тийген учур тартылган видеокөзөмөл камерасындагы видеолор жарыяланган.

Иран өз баяндамасында атып түшүрүлгөн “Боингдин” кара кутусунун конструкциясы өтө татаал экенин, Тегерандын андагы жазууларды чечмелөөгө мүмкүнчүлүгү жок экенин мойнуна алган.

Bloomberg маалымдагандай, Франция менен АКШ бул багытта Иранга жардам берүүдөн баш тарткан. “Кара кутулардын” тагдыры азыркыга чейин белгисиз.

Тегерандан Киевге багыт алган “Украина эл аралык аба жолдору” авиакомпаниясына таандык учак 8-январдын таңында жерден көтөрүлгөндөн көп өтпөй кыйраган. Ичиндеги 176 адам, анын ичинде тогуз экипаж мүчөсүнүн баары жантаслим болгон.

Башында иран бийлиги авиакырсыкка учактын техникалык мүчүлүштүктөрү себеп болгонун билдирген. Кийинчерээк “Украина эл аралык аба жолдору” компаниясына таандык лайнер “душмандын объектиси” катары жаңылыш атылганын мойнуна алган. Жоопкерчилик Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусуна жүктөлгөн. Бул окуядан кийин Иранда нааразылык акциялары башталган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17