Аймак

GEORGIATODAY: ОРУСИЯ ӨЗБЕКСТАНГА КЫСЫМ КӨРСӨТҮҮДӨ

GEORGIATODAY: ОРУСИЯ ӨЗБЕКСТАНГА КЫСЫМ КӨРСӨТҮҮДӨ

 718 Бардыгы /

Грузияда чыккан англис тилдүү GeorgiaToday гезити 20-январда жарык көргөн санында Орусия Өзбекстанды ЕАЭБге киргизүү максатында бул өлкөгө кысым көрсөтүп жатканын жазды.

Редакциянын атынан жарыяланган материалда Кремлдин 2020-жылдагы негизги максаты Евразия Экономикалык Биримдикти кеңейтүү үчүн Өзбекстандын альянска кошулушуна аракет жасай турганы айтылган.

«Былтыр Ташкенттин ЕАЭБге кошулушу боюнча активдүү сүйлөшүүлөр жүрдү. Орусиялык жана чет өлкөлүк ЖМКларда 2020-жылы кабыл алына турган чечим тууралуу көп сөз болду», – деп айтылат материалда.

Гезит стратегиялык жактан ыңгайлуу жерде жайгашкан жана жаратылыш ресурстарына бай Өзбекстан ЖККУ жана ЕАЭБ сыяктуу уюмдарга кошулбай, Москванын басымына каршы туруштук берип жатканын белгилеген.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17