Аймак

КАЗАКСТАН ШИНЖАҢДАН КАЧЫП КЕЛГЕН КАЗАКТАРДЫ КЫТАЙГА ӨТКӨРҮП БЕРБЕЙТ

КАЗАКСТАН ШИНЖАҢДАН КАЧЫП КЕЛГЕН КАЗАКТАРДЫ КЫТАЙГА ӨТКӨРҮП БЕРБЕЙТ

 690 Бардыгы /

Казакстандын Зайсан шаардык соту 21-январда Кытайдын Шинжаң аймагынан качып келген Мурагер Алимулы менен Кастер Мусаханулу боюнча өкүм чыгарды.

Ага ылайык, алар бир жылга эркинен ажыратылды жана өлкөдөн чыгарылбай турган болду. Мурагер Алимулы менен Кастер Мусаханулунун тергөө абагында отурган күндөрү эске алынганда, жатак абактагы жаза мөөнөтү 6 айга кыскарды.

31 жаштагы Кастер Мусакан менен 26 жаштагы Мурагер Алимулы казак-кытай чек арасынан мыйзамсыз өттү деген айып менен былтыр октябрда камакка алынган. Камакка алынганга чейин Кастер «саясий тарбиялоочу лагерде камакта отуруп чыкканын», ал эми Мурагер ошол эле лагерде «кыйноого кабылганын» айткан. Алар Казакстандан качкын макамын сурап, Кытайдагы үй-бүлөсүн куугунтуктан коргоону өтүнүшкөн. Камакка алынгандан кийин экөөнө тең «качкын макамын сураган адам» деген макам берилген.

Бээжин «агартуучу, тарбиялоочу борборлордо» шинжаңдыктар коомго аралашууну үйрөнүп жатканын билдирүүдө. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, Шинжаңдагы лагерлерде миллиондой адам камакта отурат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17