Аймак

ТАЖИКСТАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООДО ДОБУШ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИН ВИДЕОГО ТАРТУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ

ТАЖИКСТАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООДО ДОБУШ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИН ВИДЕОГО ТАРТУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ

 769 Бардыгы /

Тажикстанда парламенттик шайлоо күнү добуш берүү процессин видеого тартууга уруксат берүү, ошондой эле шайлоо тилкелерине көзөмөл камераларын орнотуу каралган эмес. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат башчысы Навруз Самадзода билдирди.

— Бир жагынан көзөмөл камераларын орнотуу жакшы, анткени түрдүү бурмалоолорго жол берилбейт. Бирок бул шайлоочуларды көзөмөлдөө, алардын укуктары менен эркиндигин бузуу, жеке жашоосуна кийлигишүү болуп калат. Айрым адамдар анда тартылган видеону же сүрөттү жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланышы мүмкүн. Ошондуктан шайлоо тилкелерине көзөмөл камералары орнотулбайт. Мындан тышкары ЖМК өкүлдөрүнөн башка адамдардын добуш берүү процессин телефонго тартуусуна тыюу салынат, — деди Самадзода.

Жергиликтүү талдоочулар шайлоо тилкелерине көзөмөл камераларын орнотуу — добуш берүү процессинин кыйла ачык болушуна шарт түзөт деп эсептешүүдө. Тажикстанда парламенттин төмөнкү палатасынын депуттарын шайлоо 1-мартка белгиленген. Добуш берүү үчүн өлкө боюнча жалпысынан 3410 шайлоо тилкеси ачылат.

Жыл башында Тажикстан парламенттик шайлоого байкоочуларды жөнөтүү өтүнүчү менен КМШ, ШКУ, ЕККУ сыяктуу бир катар уюмдардын аткаруу комитеттерине расмий кайрылуу жолдогон. Шайлоого 500дөн ашык эл аралык жана миңге жакын жергиликтүү байкоочу көз салат деп күтүлүүдө.

Байкоочулар 2015-жылы өткөн буга чейинки парламенттик шайлоодо көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун билдиришкен.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17