Аймак

АЛА-БУКА: ЧИЕЛЕНГЕН ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИНДЕ КЫРДААЛ КАНДАЙ?

АЛА-БУКА: ЧИЕЛЕНГЕН ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИНДЕ КЫРДААЛ КАНДАЙ?

 1,757 Бардыгы /

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагына болгон иш сапарында чек арага чектеш Чоң-Сай айылынын эли менен жолугушту. Анда аталган аймактагы чек арага байланышкан маселелер ортого салынды.
Чектеш аймактагы такталбаган жерлер эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында такталып жатканы боюнча облус жетекчи жана чек ара кызматынын башчысынын орун басары тарабынан кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү? Ошондой эле элдин коопсуздугун сактоодо жергиликтүү бийлик кандай чараларды көрүп жатат? Учурда канча чакырым жер тактала элек? Айыл тургундарынын бул багытта пикири кандай?  – аталган  суроолордун тегерегинде төмөндө кененирээк сөз болмокчу…

Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ, Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү: “ЧЕК АРАЧЫЛАРГА КОШУМЧА КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮН ТАРТТЫК”

-Бүгүн атайын ушул айыл аймакка келип, көйгөйлөрү менен таанышып жатам. Олуттуу чек ара маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Жалал-Абад облусунда Өзбекстан менен такталбаган 6 гана участок калды. Элибиз дагы биз дагы ушул маселенин мыйзам чегинде так жана бат чечилишин тилеп жатабыз. Чектеш аймактагы такталбаган жерлер эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында чечилип жатат. Бул багытта Өкмөттөр аралык комиссиянын жоон тобу эки жактуу иштеп жатат. Жергиликтүү эл бул маселеде чек арачылардын аздыгын, өзбек тараптын аскерлеринин кирип келүүсүн айтып жатышат. Биз муну координациялык кеңешмеде карап, тийиштүү жетекчилерге тапшырма бердик.Элдин коопсуздугу үчүн чек арачыларга кошумча күч түзүмдөрү тартылып, аймак күчөтүлгөн тартипте корголуп жатат.Такталбаган жерлер чечилгиче күчөтүлгөн таптипте иш алып барылат.

Курманбек ИСРАИЛОВ, Жалал-Абад областтык чек ара башкармалыгынын башчысынын орун басары, подполковник: “РАЙОН БОЮНЧА ТАКТАЛБАГАН 4 УЧАСТОК КАЛДЫ”

-Жалал-Абад областы боюнча жалпы 725 чакырымды түзгөн мамлекеттик чек аранын бүгүнкү күндө чечиле элек 85 чакырымы гана калды. Бул акыркы 2-3 жыл ичинде өкмөттүк комиссиянын корутундусу. Биз мамлекеттик чек ара кызматынын же Өкмөттүн областтагы өкүлүнүн чек ара маселесин чечкенге эч кандай тиешеси жок. Бул багытта Өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатат. Жылыш бар, буйруса жакынкы аралыкта чечилет. Ар бир чыккан жаңжал, чыр-чатак, өтүп кеткен мал-жандыктар боюнча күнүнө маалымат берип турабыз, бул нерсе өкмөттө каралат. Азыркы күндө чечиле элек 85 чакырым такталбаган, талаш-тартыштуу жер, башкача айтканда  нейтралдуу зона болгондуктан бул эки тараптуу карала турган маселе. Ала-Бука району боюнча такталбаган 4 участок калды. Көйгөйлөр да дал ушул жерлерден чыгып жатат.

Өскөн Абдуллаев, Көк-Таш айылынын тургуну: “КӨП УЧУРДА АЛАР ӨЗ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫНАН АША ЧААП КЕТИШЕТ”

-Мен ушул чек арага жакын жайгашкан аймакта жашайм. Биздин 19 миң 200 гектар чечилбеген талаштуу жерибиз бар. Ушул жерге Өзбекстандын жергиликтүү элдери келишпейт, бир гана чек арачылары келип, малдарыбызды айдап кетип калышат. Биздин чек арачылар барып айдап келишет, бирок баарын эмес. Көп учурда өзбек чек арачылары одоно түрдө өз ыйгарым укуктарынан аша чаап кетишет.  Чек арадан кыргыз жарандарын алып өтүп кетип, белгилүү убакытка чейин кармап турушат. Бул сыяктуу көйгөйлөргө биз карпайым адамдар качантан бери дуушар болуп келе жатабыз.

Айрым учурларда өзбек чек арачылары айылдарыбызга чейин кирип келишет. Аларга “Неге келдиң?” десек, “Адашып калдык, кечирип коюңуздар”, “Биз туманда келип калыппыз”, “Суу жок, чаңкадык, момун мусулманбыз да” – дешип, өздөрүн актап кетип калышат. Бул маселе боюнча жогорку тийиштүү кызматтарга чечип бергиле деп кайрылганбыз. Эми мыйзамдуу чечилсе деп үмүт кылып турабыз.

Абдукахар УМАРОВ, Көк-Таш айылынын тургуну: “ӨЗБЕК ТАРАПТАН БУЛ ЖЕРЛЕРДИ ПАЙДАЛАНГАН ЭЧ КИМ”

-19 миң 200 гектар такталбаган бул жайыт жерге чыкпай коелу десек, элдин баары малчылык менен алекпиз. Ошондуктан кышкы жайытыбыз ушул аймакты камтыйт. Арга жок малды ушул жерге жайыш керек. Бул жерлерди биздин ата-бабаларыбыз мурунтан эле мекендеп, жашап келген. Эми талаш-тартыштуу, такталбаган аймак деп чечим чыгарышкан. Бизге да бул нейтралдуу аймак, бул зонага чыкпагыла деген тыюу бар. Бирок биз бир километрдей эле чыгабыз. Өзбектер 7 километрдей аралыкты басып келип  жатпайбы. Азыр эми бул жерлер такталгыча жок дегенде 4 км жерин пайдаланалы деп талап коюп жатабыз. Өзбек тараптан бул жерлерди пайдаланган эч ким жок же малы да келбейт  же эли да жок. Алар бул жакка келиш үчүн жок дегенде 10 км жерден чыгып келиш керек. Түштүк тарабында болсо, өзбектер 30-40 км нары жашашат.

 

-Такталбаган чек арага жакын жайгашкан Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагына караштуу Чоң-Сай айылындагы 150 кожолукта 600дөн ашуун жашоочу бар. Район борборунан 100 чакырым алыста турат. Көк-Таш айыл аймагында кыргыз-өзбек чек арасында такталбаган 19 миң 200 гектар жер бар.

-Чек ара тилкелеринде талаштуу делген ондогон участкалардын башы ачылбаган бойдон калууда. Ал ортодо дал ушул чек арадагы делмитация жана демаркация иштеринин бүтпөй жатышы чек ара тилкелериндеги бир катар чыр-чатак, көйгөйлөрдүн жаралышын шарттады. Алсак, буга чейин 6-январда Көк-Таш айыл аймагынын Ак-Курча участкасында чоң-сайлыктардын 500дөй коюн өзбек чек арачылары айдап кетип жатышканда жергиликтүүлөр менен чыр чыгып, эскертүү иретинде ок атылган болчу. Ошол эле күнү элдин мал-жандыгы кайтарылып берилген.

-Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад областтык чек ара башкармалыгынын бизге  берген маалыматына ылайык, 2019-жылы аталган такталбаган аймакка мал-жандык кирген 14 факты катталган. Анын ичинен 13 фактысында кыргыздардын малдары өтүп кетсе, калган 1 фактыда алардын жандыктары өткөн. 1417 майда мүйүздүү мал (кой-эчкилер) өтүп, анын ичинен сүйлөшүү жолу менен 1323ү кайтарылып алынган. 34 ат жандыгы кирип, 31и кайтарылган. 19 уй өткөн, анын бешөөсү кайтарылып, ал эми 14 уй учурда тергөөдө турат.

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17