Аймак

АЛА-БУКА: 2019-ЖЫЛЫ ТАКТАЛБАГАН АЙМАККА ӨТКӨН МАЛ-ЖАНДЫКТЫН КАНЧАСЫ КАЙТАРЫЛДЫ? 

АЛА-БУКА: 2019-ЖЫЛЫ ТАКТАЛБАГАН АЙМАККА ӨТКӨН МАЛ-ЖАНДЫКТЫН КАНЧАСЫ КАЙТАРЫЛДЫ? 

 1,166 Бардыгы /

Чек ара тилкелеринде талаштуу делген ондогон участкалардын башы ачылбаган бойдон калууда. Ал ортодо дал ушул чек арадагы делмитация жана демаркация иштеринин бүтпөй жатышы чек ара тилкелериндеги бир катар чыр-чатак, көйгөйлөрдүн жаралышын шарттады. Алсак, буга чейин 6-январда Көк-Таш айыл аймагынын Ак-Курча участкасында чоң-сайлыктардын 500дөй коюн өзбек чек арачылары айдап кетип жатышканда жергиликтүүлөр менен чыр чыгып, эскертүү иретинде ок атылган болчу. Ошол эле күнү элдин мал-жандыгы кайтарылып берилген.

Ал эми Жалал-Абад областтык чек ара башкармалыгынын берген маалыматына ылайык, 2019-жылы аталган такталбаган аймакка мал-жандык кирген 14 факты катталган. Анын ичинен 13 фактысында кыргыздардын малдары өтүп кетсе, калган 1 фактыда алардын жандыктары өткөн. 1417 майда мүйүздүү мал (кой-эчкилер) өтүп, анын ичинен сүйлөшүү жолу менен 1323ү кайтарылып алынган. 34 ат жандыгы кирип, 31и кайтарылган. 19 уй өткөн, анын бешөөсү кайтарылып, ал эми 14 уй учурда тергөөдө турат.

Кошумчалай кетсек, такталбаган чек арага жакын жайгашкан Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагына караштуу Чоң-Сай айылындагы 150 кожолукта 600дөн ашуун жашоочу бар. Район борборунан 100 чакырым алыста турат. Көк-Таш айыл аймагында кыргыз-өзбек чек арасында такталбаган 19 миң 200 гектар жер бар.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17