Аймак

БРИТАН ХАНЫШАСЫ БРЕКЗИТ МЫЙЗАМЫН КОЛДОДУ

БРИТАН ХАНЫШАСЫ БРЕКЗИТ МЫЙЗАМЫН КОЛДОДУ

 707 Бардыгы /

Британия ханышасы Елизавета II Брекзит боюнча буга чейин парламент кабыл алган мыйзамды колдоду. Документ мыйзамдуу түрдө күчүнө кирди. Ага ылайык, Улуу Британия 31-январда жергиликтүү убакыт боюнча 23:00дө Евробиримдиктен чыгат.

Мыйзам өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон менен Евробиримдиктин башка лидерлеринин ортосундагы келишимге негизделген. Бул келишимди Европарламент дагы колдошу керек. Чечим 29-январда кабыл алынары күтүлүүдө.

Улуу Британия Брекзит боюнча референдумдан үч жыл өткөндөн кийин Евробиримдиктин курамынан чыгууда. Британ парламенти ЕБ менен түзүлгөн келишимге макул болбой, альянстан чыгуу датасы үч жолу жылдырылган. Былтыр премьер-министр болгон Борис Жонсон Евробиримдик менен жаңы келишим түзүп, британ парламентинде мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүп, жеңишке жеткен. Учурда өкүлдөр палатасында консерваторлор көпчүлүк добушка ээ жана мыйзам долбоорун тоскоолдуксуз колдоп беришти.

Евробиримдиктен чыккандан кийин Британия үчүн өткөөл мезгил башталып, ал 2020-жылы 31-декабрда аяктайт. Ага чейин жаңы соода келишими кабыл алынышы керек.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17