Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА ТЫЮУ САЛЫНГАН ФИЛЬМ ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН ЧЕКТЕШ АЙМАКТАРДА КӨРСӨТҮЛДҮ

ТҮРКМӨНСТАНДА ТЫЮУ САЛЫНГАН ФИЛЬМ ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН ЧЕКТЕШ АЙМАКТАРДА КӨРСӨТҮЛДҮ

 763 Бардыгы /

Түркмөнстандын Лебап облусунун Өзбекстан менен чектеш райондорунун жашоочулары чуулгандуу «6 Underground» тасмасын көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Түркмөнсанда тыюу салынган америкалык фильмди 21-январда өзбек телеканалдары көрсөткөн.

Фильмден кийин «Азаттыктын» түркмөн кызматына маек курган көрүүчүлөр тасма Түркмөнстандын мисалында тартылгандай таасир калтырганын билдиришти.

«Мени менен сүйлөшкөн кишилер фильмдеги башкы каарман Ровач Алимовдон Гурбангулы Бердымухамедовду көрүшкөнүн айтышты. Себеби фильмде диктатор Ровач бүт бийликти өзүнө тартып алып, элди эзип, интернет жана прессаны толук көзөмөлдөйт. Миңдеген кишилер чет өлкөдө нан издеп жүрөт. Башкача айтканда анын бардык аракети Гурбангулыны элестетет», – деди радионун аймактык кабарчысы.

Америкалык Netflix компаниясы тарабынан 13-декабрда жарык көргөн тасмада заманбап Түркмөнстанды элестеткен деталдар бар. Бюджети 150 миллион доллар турган фильм ойдон чыгарылган Тургистан аттуу өлкөнүн зулум диктаторун жок кылып, демокартия алып келүүгө аракет жасаган америкалык миллиардер жөнүндө тартылган.

Буга байланыштуу түркмөн бийлиги жаңы фильмдин көмүскө прокатынын жайылышына каршы чара көрүп, Америкага каршы пропаганда жүргүзө баштаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17