Аймак

СУЗАК МИЛИЦИЯСЫ БИРДИКТҮҮ АЛДЫН АЛУУ КҮНҮН ӨТКӨРДҮ

СУЗАК МИЛИЦИЯСЫ БИРДИКТҮҮ АЛДЫН АЛУУ КҮНҮН ӨТКӨРДҮ

 1,463 Бардыгы /

Сузак РИИБи тарабынан тейлеген аймагында кылмыштуулукту, жоруктарды, бузууларды жана ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо максатында бирдиктүү алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө 678 автоунаа, паспорт эрежеси боюнча 681 кожолук 2724 атуул текшерилди. РИИБдин кыматкерлери тарабынан алдын алуу иштеринин натыйжасында жалпы 27 бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн. Мындан сырткары издөөдө жүргөн 1 кылмышкер кармалган.

Милиция кызматкерлери эл арасында текшерүү иштери менен катар түшүндүрүү иштерин да алып барышты. Алар элди бардык документтерине так жана сак болууга, ар түрдүү кырсыктардан оолак болууга чакырышты.

«Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17