Аймак

ОРУСИЯДА 3300ДӨН АШЫК ӨЗБЕКСТАНДЫК МИГРАНТ ПОЛИЦИЯ БӨЛҮМДӨРҮНДӨ ОТУРАТ

ОРУСИЯДА 3300ДӨН АШЫК ӨЗБЕКСТАНДЫК МИГРАНТ ПОЛИЦИЯ БӨЛҮМДӨРҮНДӨ ОТУРАТ

 794 Бардыгы /

Өзбекстандык 3323 мигрант Орусиядагы полиция бөлүмдөрүндө камакта отурат. Бул тууралуу 23-январда өткөн маалымат жыйында Өзбекстандын Тышкы миграция агенттигинин башчысы Бахтиёр Турсунов билдирди.

«Көптөгөн мигранттар тил билбей өлкөдөн чыгып кетип, кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Алар башка мамлекеттин мыйзамдарын аңдабастан бузуп алышууда. Натыйжада депортацияга кабылып жатышат», – деди аткаминер.

Маалымат жыйында 2019-жылы Орусияда мигранттардын жашоосун, жумуш жана медициналык жардам алуу шарттарын иликтөө үчүн беш консулдук мекеме түзүлгөнү белгиленди.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17