Аймак

БУУ МИССИЯСЫ: ЛИВИЯГА КУРАЛ-ЖАРАК ЖЕТКИРҮҮ УЛАНУУДА

БУУ МИССИЯСЫ: ЛИВИЯГА КУРАЛ-ЖАРАК ЖЕТКИРҮҮ УЛАНУУДА

 721 Бардыгы /

19-январда Берлинде жетишилген макулдашууга карабастан, Ливияга курал-жарак жеткирүү дале болсо уланууда. Бул тууралуу Ливияга колдоо көрсөтүү боюнча БУУнун миссиясы (UNSMIL) билдирди.

Маалыматка караганда, куралдуу жаңжал жүрүп жаткан Африкадагы бул өлкөгө бир катар мамлекеттер, анын ичинде Ливиядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Берлин саммитинин катышуучулары да заманбап курал-жарактарды жеткирүүдө. Бирок миссиянын билдирүүсүндө конкреттүү өлкөлөрдүн аты аталган эмес.

Жарашуу тууралуу ортодогу макулдашууга карабастан, маршал Халиф Хафтар жетектеген Ливиянын улуттук армиясы Мисрата шаарына чабуулун улантууда. AP агенттигинин маалыматына караганда, учурда Хафтардын аскерлери Триполини коргоодогу негизги таяныч эсептелген Мисрата шаарынан 120 чакырым алыстыкта турушат.

19-январда Ливиядагы абалды жөнгө салуу боюнча Берлинде өткөн эл аралык конференцияга Германия, АКШ, Орусия, Улуу Британия, Франция, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Конго, Италия, Египет жана Алжир өлкөлөрү катышкан. Мындан тышкары жыйынга БУУнун, Евробиримдиктин, Африка биримдигинин жана Араб мамлекеттеринин лигасынын өкүлдөрү чакырылган. Анда тараптар Ливияга курал жеткирүүгө тыюу салуу боюнча макулдашууга келишкен.

Ливияда 2011-жылы өлкөнү ондогон жылдар бою башкарган Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери түрдүү куралдуу топтордун ортосунда ич ара чыр-чатак тынчыбай келатат. Негизги тирешүү БУУ тааныган Улуттук биримдик өкмөтү менен генерал Халифа Хафтар баш ийген парламенттин ортосунда жүрүп жатат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17