Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
556 Бардыгы / Тажикстанда камактагы 70 адам түзөтүү жайларында массалык башаламандык уюштурууга аракет кылгандыгы үчүн кошумча жаза алды. Бул тууралуу 24-январда өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмон парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары дагы 30 адамга карата кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. Башкы прокурор өлкөнүн кайсыл абагында отурган адамдар кошумча жаза мөөнөттөрүн […]
557 Бардыгы / Тажикстанда камактагы 70 адам түзөтүү жайларында массалык башаламандык уюштурууга аракет кылгандыгы үчүн кошумча жаза алды. Бул тууралуу 24-январда өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмон парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары дагы 30 адамга карата кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. Башкы прокурор өлкөнүн кайсыл абагында отурган адамдар кошумча жаза мөөнөттөрүн […]
ТАЖИКСТАНДА ТОПОЛОҢ УЮШТУРУУ АРАКЕТИ ҮЧҮН КАМАКТАГЫ 70 АДАМ КОШУМЧА ЖАЗА АЛДЫ
27.01.2020 / Автор aymak558 Бардыгы /
Тажикстанда камактагы 70 адам түзөтүү жайларында массалык башаламандык уюштурууга аракет кылгандыгы үчүн кошумча жаза алды. Бул тууралуу 24-январда өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмон парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, мындан тышкары дагы 30 адамга карата кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.
Башкы прокурор өлкөнүн кайсыл абагында отурган адамдар кошумча жаза мөөнөттөрүн алышканын айткан жок. Акыркы бир нече жылдын ичинде Тажикстандагы эки түрмөдө тополоң чыккан. 2019-жылы май айында Вахдат шаарындагы түрмөдө бычак менен куралданган камактагылар тополоң чыгарып, үч абак кызматкерин барымтага алышкан. Башаламандыкты токтотуу учурунда камактагы 29 адам жана түрмөнүн үч кызматкери каза болгон.
2018-жылы ноябрда Хожент шаарында жайгашкан катаал режимдеги абакта тополоң чыгып, жыйынтыгында камактагы 21 адам каза болгон. Мындан тышкары түрмөнүн эки кызматкери өлтүрүлүп, беш күзөтчү оор жаракаттарды алышкан.
Өткөн жылы жайында «Озоди» радиосу Жазаларды аткаруу кызматындагы өз булактарына таянып, Душанбедеги №1 абакта камакта отурган 20га жакын адам массалык башаламандык уюштурууга аракет кылганын билдирген. — Экстремисттик уюмдардын мүчөсү деген айып менен узак мөөнөттөргө соттолгон 20га жакын адам тополоң чыгарууга катуу даярданышкан. Жашыруун жайдан арматура жана темирдин сыныктары табылган, — деген булак.
2019-жылы октябрда Тажикстандын Жогорку соту Вахдат түрмөсүндө отурган 26 адамды «Терроризм, «Экстремизм» жана «Адам өлтүрүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 19 жылдан 29 жылга чейинки мөөнөттөргө эрктеринен ажыраткан. Соттолуучулар абактагы тополоңго катышпаганын айтып, өкүм адилетсиз экенин билдиришкен.
Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму өткөн жумада жарыяланган баяндамасында тажик түрмөлөрү менен тергөө абактарындагы кыйноого алуу учурлары олуттуу көйгөй бойдон калып жатканын белгилеген.
www.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg АЛИШЕР УСМАНОВ ГЕРМАНИЯДА АРАМ АКЧАНЫ АДАЛДООГО АЙЫПТАЛУУДА
-
11.05.2023 / Автор anarkan_kg БЫЙЛ VII ЭЛ АРАЛЫК ЭПОСТОР ФЕСТИВАЛЫ ОШ ШААРЫНДА ӨТКӨРҮЛӨТ
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg МОСКВАДА ДАГЫ 150ДӨН АШУУН ТАЖИК МИГРАНТЫ КАРМАЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.