Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,584 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарындагы бүт мектептер интернет түйүнүнө туташтырылып, дэрлик санариптештерилди. Мындай жагдай агартуу мекемелериндеги жемкорлукка аеосуз акыры бөгөт коюп, алардын үстүнөн коомчулуктун көзөмөлүн ого бетер күчөттү. Бул жөнүндө Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурилло ШАМАМАТОВ кабарчыбызга курган маегинде ачык эле моюндады. – Нурилло агай, Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо […]
1,585 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарындагы бүт мектептер интернет түйүнүнө туташтырылып, дэрлик санариптештерилди. Мындай жагдай агартуу мекемелериндеги жемкорлукка аеосуз акыры бөгөт коюп, алардын үстүнөн коомчулуктун көзөмөлүн ого бетер күчөттү. Бул жөнүндө Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурилло ШАМАМАТОВ кабарчыбызга курган маегинде ачык эле моюндады. – Нурилло агай, Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо […]
НУРИЛЛО ШАМАМАТОВ: «САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖЕМКОРЛУККА БӨГӨТ КОЙДУ»
27.01.2020 / Автор aymak1,586 Бардыгы /
Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарындагы бүт мектептер интернет түйүнүнө туташтырылып, дэрлик санариптештерилди. Мындай жагдай агартуу мекемелериндеги жемкорлукка аеосуз акыры бөгөт коюп, алардын үстүнөн коомчулуктун көзөмөлүн ого бетер күчөттү. Бул жөнүндө Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурилло ШАМАМАТОВ кабарчыбызга курган маегинде ачык эле моюндады.
– Нурилло агай, Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында негизинен кайсыл өңүткө өзгөчө басым жасап жатасыздар?
– Адегенде бардык мектептерибизди интернет түйүндөрүнө тегиз коштурдук. Балдар бакчаларына дагы кудум ушундай ыкма толук түрдө киргизилди. Электрондук каттоо, электрондук журнал жана электрондук күндөлүк дээрлик баары тең санариптештирилди. Мындай жөрөлгө,биринчиден, ар өңүттөгү жемкорлукка биротоло бөгөт койду. Экинчиден,ата-энелердин көзөмөлүн ыраса күчөттү. үчүнчүдөн, агартуу мекемелерине темирдей тартипти орнотту. Албетте, мындан баарыбыз эле уттук.
– Соңку мезгилде маянанын аздыгынан улам алыскы аймактардагы мектептерге жаш адистер таптакыр эле барбай калышпадыбы. Мындай көйгөйдөн Өзгөн шаары деле кур эместир?
– Ошентсе да, акыркы мезгилде мугалимдердин айлык акысы дээрлик отуз пайызга жогорулабадыбы. Ошондуктан, элетке агылган жаш агартуучулар абдан арбыды. Демек, жаңы күчтөр катарыбызды улам толуктап жатышат. Ошентсе дагы, орус тили, физика жана химия сабактары боюнча үч орун дагыле бопбош турат. Бул маселени аргасыздан ЖОЖдордун Өзгөн шаарындагы филиалдары аркылуу чечүүнү максаттап жатабыз.
Мындан тышкары калаабызда мугалимдерди турак жай менен камсыз этүү дагы дагыле кендирибизди кесип келатат. Анткени, көптөгөн жылдардан бери Өзгөн шаарында көп кабаттуу үйлөр курулбай калбадыбы. Анан дагы жер тилкесин ажыратуу аймакта дегеле мүмкүн эмес! Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун Аймактарды өнүктүрүү саясатына ылайык калаабызда көп кабаттуу үйлөр курулуп калса, бул баш оорутмадан дагы сөзүсз арылып калаттырбыз. Буга улай Өзгөн шаарынын мэриясына мугалимдерди коммуналдык төлөмдөрдөн бошотуу, же жеңилдетүү өтүнүчү менен расмий түрдө кайрылдык эле. Калаа башчысы бул сунушубузду Шаардык Кеңешке абдан катуу табыштады. Буюрса, жергиликтүү депутаттар бизди колдойт деп абдан катуу үмүттөнүп турабыз.
– Нурилло агай, жалпы республикалык тестирлөө аймактардагы билим сапатын кашкайта ашкерелеп жатпайбы. Бул жаатта Сиздердин көрсөткүчтөр деги чеке жылытчудайбы?
– Ооба. 2018-2019-окуу жылында 357 бүтүрүүчүбүздүн 181и ЖРТ тапшырышты эле. Булардын сегизи ЖОЖдордогу бюджеттик тайпаларга, ал эми алтымыш экиси ЖОЖдордун контракттык тайпаларына шыр эле өтүп кетишти. Мактангандык эмес, бирок, башка аймактарга салыштырганда бул абдан эле мыкты көрсөткүч!
Маалымат иретинде: Өзгөн шаарында жети орто мектеп, жалгыз мектеп-гимназия, алты мектепке чейинки жана үч мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери бар. Буларда окутуу кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. 14 370 жаш муунга 520 мугалим сабак берип келатат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Өзгөн шаары
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
25.04.2023 / Автор anarkan_kg ОШТУ МЫНДАН АРЫ ОМСК ОБЛУСУНУН ЖОЖдору МЕНЕН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИ АКШдан САПАТТУУ ГАНА ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫН АЛЫШАТ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШТОГУ «ӨЧПӨС ПОЛК» АКЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.