Аймак

КЫТАЙДА КОРОНАВИРУСТАН ӨЛГӨНДӨРДҮН САНЫ 80ге ЖЕТТИ

КЫТАЙДА КОРОНАВИРУСТАН ӨЛГӨНДӨРДҮН САНЫ 80ге ЖЕТТИ

 922 Бардыгы /

Кытай бийлиги жаңы коронавирус тездик менен жайылып жатканын, ооруну жуктаргандардын саны көбөйгөнүн билдирди. Акыркы маалыматтар боюнча 2300 адам бул илдетке чалдыгып, 80 киши өлдү.

Көз жумгандардын көбү 50 жаштан жогорку кишилер. Айрым учурда оорунун белгилери билинбейт, кээ бир учурда бейтап жөтөлүп, эти ысып, дем алуусу кыйындайт.

26-январда Кытайдын саламаттык сактоо министри Ма Сяовэй өлкө оор кырдаалда экенин, жаңы вирустун тароо мүмкүнчүлүгү күчөп жатканын айткан. Сяовэй каттамдарга чектөө киргизүү, катуу көзөмөл жыйынтык бериши керек деп эсептейт. Буга чейин бир нече шаарда коомдук транспорттор, авиакаттамдар токтотулган.

26-январда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун директору Бээжинге барып, бул маселени кытай чиновниктери менен талкуулоону пландап жатканын айткан.

Бул арада Таиланд, Австралия, АКШ, Канада жана Францияда да вирусту жуктуруп алгандар бар.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17