Аймак

КЫТАЙ БИЙЛИГИ КОРОНАВИРУС КАТТАЛГАН ШААРДАН КАЗАКСТАНДЫК СТУДЕНТТЕРДИН ЧЫГЫП КЕТИШИНЕ УРУКСАТ БЕРГЕН ЖОК

КЫТАЙ БИЙЛИГИ КОРОНАВИРУС КАТТАЛГАН ШААРДАН КАЗАКСТАНДЫК СТУДЕНТТЕРДИН ЧЫГЫП КЕТИШИНЕ УРУКСАТ БЕРГЕН ЖОК

 877 Бардыгы /

Казакстан коронавирус тараган Ухань шаарындагы казак жарандарын мекенине кайтаруу маселесин кароодо. Бирок кытай бийлиги аларды алып кетүүгө уруксат бере элек. Бул тууралуу 27-январда Казакстан ТИМинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

“Кытай тарап бир дагы өлкөгө мындай уруксат бере элек, шаар карантинге жабылган”, – деди Смадияров.

Уханда 230 казакстандык студент окуйт.

Кытайда өпкөнү сезгенткен вирустан өлгөндөрдүн саны 80ден ашты. Бул оору 2,5 миңдей адамга жугуп, айрымдарынын абалы оор.

Ухань шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар. Алардын 14ү студенттер жана бирөө жеке ишкер.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17