Аймак

ТАЖИКСТАНДА ШАЙЛООЧУЛАРДЫН БИРДИКТҮҮ ТИЗМЕСИ ТҮЗҮЛӨ ЭЛЕК

ТАЖИКСТАНДА ШАЙЛООЧУЛАРДЫН БИРДИКТҮҮ ТИЗМЕСИ ТҮЗҮЛӨ ЭЛЕК

 704 Бардыгы /

Тажикстанда кезектеги шайлоо кампаниясы башталды. Бирок азыркыга чейин шайлоочулардын бирдиктүү тизмеси түзүлө элек.

«Мындай тизме түзүү үчүн тиешелүү мыйзам кабыл алынышы керек. Учурда иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык, мындай тизмеге зарылчылык жок. Биздин жарандар тизмесиз эле добуш бере алышат», – деди Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчиси Навруз Самадзода.

ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар бюросу Тажикстанга 2010-жылдан бери шайлоочулардын электрондук тизмесин түзүүнү сунуштап келет. Бирок бийлик жарандардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кетиши ыктымал деген жүйөлөрдөн улам бул ыкманы колдоно элек.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстан жана Казакстанда бирдиктүү тизме бар.

Тажикстандын Социалдык-демократиялык партиясынын лидери Рахматилло Зоиров өлкөдө шайлоочулардын электрондук базасы түзүлбөгөндүктөн, добуш берүү учуруда “карусель” ыкмасы колдонулуп, көз боемочулуктарга жол ачылууда деп эсептейт.

Тажикстанда быйыл жазында парламенттик, күзүндө президенттик шайлоо өтөт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17