Аймак

ТОКТОГУЛДА КИШИ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

ТОКТОГУЛДА КИШИ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 562 Бардыгы /

Жалал-Абад. Киши өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 17-январь күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Токтогул районундагы Токтогул-Терек-Суу автожолунун 13-чакырымында, жолдон 300 метр алыстыкта сол колунун билегине чейин белгисиз жаныбар тытмалап жеп кеткен, денесинде бир нече жолу курч нерсенин сайылган жараттары бар адамдын жансыз денеси табылган. Киши колдуу болуп каза болгон жаран Токтогул районунун тургуну 1979-ж.т. М.Ж. экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар ошол эле күнү Токтогул РИИБнин КЖБРне КРнын Жазык Кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Бул кылмыштын бетин кечиктирбестен ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Токтогул шаарынын 1979-ж.т. тургуну М.А. кармалган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө 2020-жылдын 11-январь күнү күндүзгү убакытта ич ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, маркумдун сол жак капталына бычак менен сайып жибергендигин билдирген.

Шектүү катары кармалган М.А. жогоруда жасаган кылмышты толугу менен мойнуна алып, КРнын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде Токтогул РИИБнүн УКИне киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

“Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17