Аймак

МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН ЖАШАГАН ЖЕРИ ЖОКТОРГО ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛҮҮДӨ

МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН ЖАШАГАН ЖЕРИ ЖОКТОРГО ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛҮҮДӨ

 712 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Аба-ырайына байланыштуу кароосуз, туруктуу жашаган жери жок атуулдардын өлүмүнүн алдын алуу максатында 27-январда Таш-Көмүр ШИИБнин начальниги милициянын подполковниги Азенбек Козукеевдин демилгеси менен атайын рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, анда шаар аймагында коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукка, жоруктарга бөгөт коюу үчүн алгылыктуу алдын алуу жумуштары аткарылды. Бир күндүн ичинде шаар аймагындагы көптөгөн жерлер текшерүүгө алынды.

– Паспорттук эреженин сакталышын көзөмөлдөөдө 300 атуулду камтыгын 97 кожолук текшерилди;

– Каттоодо турган психикалык жактан оорулуу 7 атуул текшерилип, алардын бири Кызыл-Жар шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканага жаткырылды;

– Кароосуз, туруктуу жашаган жери жок 1 атуулга жергиликтүү бийлик тарабынан туруктуу жашаганга 1 батирлүү үй берилген. Мындан сырткары туруктуу жашаган жери жок 2 атуул көчөдө жаткан жеринен медицина кызматкерлери менен биргеликте атайын палаталарга жаткырылып, тийиштүү жардамдар көрсөтүлдү. Көчөдө спирттик ичимдиктерди көп ичип, туруктуу жашаган жери бар 2 атуул Кызыл-Жардагы Республикалык психиатриялык ооруканага жаткырылды.

«Аймак»

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17