Аймак

ИСКЕ УУЛАНГАН КЕЛИН ЭКИ УУЛУ МЕНЕН КАЗА БОЛУШКАН

ИСКЕ УУЛАНГАН КЕЛИН ЭКИ УУЛУ МЕНЕН КАЗА БОЛУШКАН

 1,333 Бардыгы /

Сузак районунда 33 жаштагы келин эки уулу менен көмүрдүн исине ууланып каза болушкан.

Сузак райондук ӨКБнүн ӨӨжААБнүн улук офицери капитан А. Иманов билдиргендей 2020-жылдын 20-январынан 21-январына караган түнү Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңир айылынын К.Муратов көчөсүнүн №33 үйүндө убактылуу жашап жаткан ошол эле айылдын тургуну 05.02.1986-ж.т. Калбекова Айнура Токтосуновна, баласы 06.02.2013-ж.т. Базарбаев Нурислам Ырысбекович ал эми кызы 06.07.2015-ж.т. Базарбаева Саида Ырысбековна- лар үйдөгү от жагуучу печкадан чыккан түтүнгө ууланып каза болушкан.

Ал эми 2020-жылдын 28-январына чейин район аймагында 5 өрт кырсыгы катталып 250 миң сомдук баалулуктар жок болуп кеткен сиздерден Сузак районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Сузак районунун тургундарына төмөнкүлөрдү эскертет от жагылуучу мештерди тез тез тазалап турууну, от жагуучу мештерди куруу да жана пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелерин так сантоону, электр плиталарын туура колдонууну, мештерди моорлоруна жакын жерге тез күйүүчү заттарды койбоону эскертет.

 

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17