Аймак

КАЗАКСТАНДА КЫТАЙДАН КЕЛГЕН КИШИЛЕРДИН ТӨРТӨӨ ООРУКАНАГА ЖАТКЫРЫЛДЫ

КАЗАКСТАНДА КЫТАЙДАН КЕЛГЕН КИШИЛЕРДИН ТӨРТӨӨ ООРУКАНАГА ЖАТКЫРЫЛДЫ

 867 Бардыгы /

Кытайдан Казакстанга келген 23 кишинин дене табы көтөрүлүп, 4 киши курч респиратордук вирустук инфекция жуктуруп алуу шеги менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов билдирди.

Ал бейтаптардын канынан анализ алынганын маалымдады:

– Үч сутканын ичинде кеңири дарт аныктоо иштери жүргүзүлөт. Тиешелүү терапия башталды, – деди министр.

Маалыматтарга караганда, 28-январга карата Кытайдан Казакстанга жалпысынан 25 858 киши келди, алар казакстандык жана чет өлкөлүк жарандар. Алардын бардыгы текшерүүдөн өтүүдө.

Бул арада Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы эки аптада Кытайдан келген жарандарга бейтапканаларга барып, текшерилүүнү сунуштоодо.

Кытай бийлигинин маалыматы боюнча өлкөдө коронавирустан 106 киши көз жумду. Инфекцияны жуктуруп алгандардын саны төрт жарым миңден ашты. Коронавирус Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тараган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17