Аймак

ӨКБдө “МЫКТЫЛАРДЫН МЫКТЫСЫ” АТТУУ СЫНАК ӨТТҮ

ӨКБдө “МЫКТЫЛАРДЫН МЫКТЫСЫ” АТТУУ СЫНАК ӨТТҮ

 1,039 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 28-январь күнү 23-февраль – Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамынын арасында көп этаптуу “Мыктылардын мыктысы” аттуу сынак өткөрүлдү.  

Бул тууралуу Жалал-Абад шаары боюнча ӨКБнүн башчысы подполковник Ч.Шекенов маалымдады.

Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар тарабынан өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн өздүк курамын Жарандык коргонуу боюнча практикалык үйрөтүүнүн нормативдери, өрттүк-саптык даярдык боюнча нормативдер, курал-жарактарды чачуу, жыйноо, ок атуу боюнча нормативдер аткарылып, мыктылар аныкталды.

Жеңүүчүлөр  I, II, III даражадагы дипломдор менен сыйланып,  23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата сыйлоо үчүн КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына, Жалал-Абад шаар мэриясына сыйлоого сунуш кылынат.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17