Аймак

КРдин XII ЧЕМПИОНАТЫНА “ДИНАМО ЖАЛАЛ-АБАД” КОМАНДАСЫ КАТЫШУУДА

КРдин XII ЧЕМПИОНАТЫНА “ДИНАМО ЖАЛАЛ-АБАД” КОМАНДАСЫ КАТЫШУУДА

 1,322 Бардыгы /

Ош шаарында 25-январдан бери волейбол боюнча КРдин XII чемпионатынын 1-туру өтүп жатат. Ал эми Жалал-Абаддан “Динамо Жалал-Абад” волейбол командасы катышууда. Бул тууралуу аталган команданын машыктыруучусу Кайрат Садыков билдирди.

Маалыматка ылайык, чемпионат 31-январга чейин уланып, жалпысынан 20 команда катышып жатат. Жогорку лигада 12 команда, улуттук лигада 8 команда ат салышууда. “Динамо Жалал-Абад” командасы атаандаштары менен 4 жолу беттешип, 4 жолу тең жеңишти багындырышкан.

Чемпионат КРдин волейбол федерациясы менен Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети биргеликте өткөрүүдө. Мелдештин 2-туру февраль айында,  3-туру март айында өткөн соң жыйынтыгы чыгарылат.

 

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17