Аймак

ОРУСИЯДА ПРЕЗИДЕНТ КЫЗМАТЫН «ЖОГОРКУ БАШКАРУУЧУ» ДЕП ӨЗГӨРТҮҮ СУНУШТАЛУУДА

ОРУСИЯДА ПРЕЗИДЕНТ КЫЗМАТЫН «ЖОГОРКУ БАШКАРУУЧУ» ДЕП ӨЗГӨРТҮҮ СУНУШТАЛУУДА

 689 Бардыгы /

Орусияда Конституцияны өзгөртүүгө даярдык көрүү боюнча жумушчу топ Баш мыйзамга жүздөн ашык жаңы пункт киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу «Коммерсант» гезити жазды.

Алардын арасында президент кызматын «жогорку башкаруучу» деп өзгөртүү, өлкөдө негизги дин катары православиени бекитүү, ошондой эле Орусияга Экинчи дүйнөлүк согуштагы «жеңүүчү-держава» макамын ыйгаруу сунуштары бар.

Владимир Путин Баш мыйзамды өзгөртүү планын 15-январда Федералдык жыйындагы кайрылуусунда жарыялаган. Өз сөзүндө президент Конституцияны эл аралык мыйзамдардан жогору коюу жана Мамлекеттик кеңеш деген органды калыбына келтирүүнү сунуштаган. Путиндин оппоненттеринин көбү түзөтүүлөр аркылуу ал президенттиктен кеткенден кийин да бийликти сактап калууну көздөп жатат деп эсептешүүдө.

Өткөн жумада Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Мамлекеттик Дума биринчи окууда кабыл алган. Экинчи окуу 11-февралга белгиленген.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча жалпы элдик добуш берүүнү апрелде өткөрүү пландалууда. Мыйзам долбоорунда добуш берүүнүн форматы тууралуу эч нерсе жазылган эмес. Аны атайын түзүлгөн топ менен Борбордук шайлоо комиссиясы иштеп чыгат деп күтүлүүдө.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17