Аймак

КӨК-ЖАҢГАК ШААРЫНДА ЖАШТАР АКЫСЫЗ ОКУТУЛУУДА

КӨК-ЖАҢГАК ШААРЫНДА ЖАШТАР АКЫСЫЗ ОКУТУЛУУДА

 1,750 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД: Көк-Жаңгак шаарында жашаган 18  жаштан 28 жашка чейинки жарандарга акысыз окуу курстары ачылууда. Бул тууралуу шаардык социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис Айпери Садыкова билдирди.

Анын айтымында эл аралык уюмдар тарабынан каржыланган “Демилгелүү жаштар” долбоорунун алкагында шаар тургундары окуу курстарында акысыз окуп, сертификат ала алышат.

Күнүмдүк турмушта керектелчү  эсепчи, ашпозчу, тигүүчү, электрик, маникюр, визажист, жыгач уста, заманбап оңдоп-түзөөчү уста, мал чарбачылыгы жана башка адистиктерге ээ боло алышат.

Көк-Жаңгак шаарына “Демилгелүү жаштар” долбоору иштеп жатат. Алар бизге 18 жаштан 28 жашка чейинки жүз адамды окутуп беребиз деп жатышат. Учурда шаар боюнча маалыматты жайылтып, жаштарды топтогону аракет кылуудабыз.  Жаштарды окутуп жумуш менен камсыздоо, андан сырткары шаарыбыздын өнүгүүсүнө салым кошуусу үчүн шарттарды түзүүдөбүз. Буга чейин дагы кыз-келиндерди да окууга катыштырганбыз. Долбоорлор менен болушунча жакшы иштеп жатабыз”-деди А.Садыкова.

Окуу курстарына окутуунун максаты калкты жумуш менен камсыздоо жана жумушсуздукту жоюу болуп саналат. Жаштарды Көк-Жаңгак шаардында окутушат, эгер Жалал-Абад шаарында окуп калышса жол кирелерин да төлөп беришет.

Эске салсак, буга чейин Көк-Жангак шаарында “Устат шакирт” программасынын негизинде кыз-келиндерди окутуп келишкен.  Өткөн жылы 9 кыз-келин тигүүчү адистигине 3 айлык курста окуган.

Учурда Көк-Жаңгак шаарында 11 миңден ашуун калк жашайт

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17