Аймак

ИРАКТА БАЗАЛАРГА УРУЛГАН СОККУДАН 50 АМЕРИКАЛЫК АСКЕР ЖАБЫРКАГАН

ИРАКТА БАЗАЛАРГА УРУЛГАН СОККУДАН 50 АМЕРИКАЛЫК АСКЕР ЖАБЫРКАГАН

 866 Бардыгы /

Ирандын Ирактагы авиабазага жасаган ракеталык соккусунан баш сөөгү жабыркаган америкалык аскерлердин саны 50гө жетти. Бул тууралуу Associated Press агенттиги Пентагондун расмий өкүлүнө таянуу менен билдирди.

Подполковник Томас Кэмпбелл 28-январда 50 аскердин 31и дарыланып, кайрадан кызматына кайтканын кошумчалады. Өткөн аптада Пентагон жаракат алгандардын саны 34 экенин маалымдаган.

Алгач АКШнын президенти Дональд Трамп соккудан “бир дагы америкалык жабыркаган жок, базалар олуттуу зыянга учураган эмес” деп айткан. “АКШнын чет өлкөдөгү аскерлеринин ардагерлери” уюмунун башчысы Уильям Шмитц жума күнү мындай жаңылыш билдирүү үчүн уюм президенттин кечирим суроосун күтөөрүн билдирди.

Иран Ирактагы Айн ал-Асад жана Харир аба базаларын ракетадан аткылоону генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу деп атаган. Ал базаларда “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун жоочуларына каршы согушкан АКШ баштаган колиция аскерлери жайгашкан.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун тандалма күчтөрүнүн кол башчысы Сулеймани 3-январда америкалык дрондун соккусунан каза болгон.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17