Аймак

КАЗАКСТАНДА ТЕРРОРИЗМ АЙЫБЫ МЕНЕН ҮЧ КИШИ СОТТОЛДУ

КАЗАКСТАНДА ТЕРРОРИЗМ АЙЫБЫ МЕНЕН ҮЧ КИШИ СОТТОЛДУ

 879 Бардыгы /

Актөбө шаарында сот 28-январда үч жергиликтүү тургунду «терроризмге үгүттөө» айыбы менен жети жылга эркинен ажыратты.

Тергөө учурунда маалым болгондой, Багдад Бисембаев, Ерсаин Кулынтай жана Адилжан Даулетов 2019-жылы жеке мончолордун биринде «жихадды» жактап, террордук уюмдардын катарына кошулуу үчүн чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө даяр экенин билдиришкен.

Сирияга жол тарткан Бисембаев былтыр июлда казак-орус чек арасынан кармалган. Даулетов менен Кулынтай мыйзамсыз маңзат сактоо боюнча да күнөөлүү деп табылды.

Үчөө тең күнөөлөрүн мойнуна алып, прокурор менен келишим түзүүгө даяр экенин билдиришкен. Бирок прокуратура алардын сунушун четке каккан.

Расмий маалыматтар боюнча Жакынкы Чыгышта жаңжал башталгандан бери 800дөн ашуун казакстандык жаран Сирия менен Иракка чыгып кеткен. Казак бийлиги 600дөй адамды кайра артка кайтарган. Алардын ичинен ондогон киши терроризм айыбы менен ар кыл мөөнөткө түрмөгө камалды.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17