Аймак

ТАЖИКСТАН ӨЗБЕКСТАНДАН 200 МИЛЛИОН КУБ МЕТР ГАЗ САТЫП АЛАТ

ТАЖИКСТАН ӨЗБЕКСТАНДАН 200 МИЛЛИОН КУБ МЕТР ГАЗ САТЫП АЛАТ

 1,103 Бардыгы /

Быйыл Тажикстан Өзбекстандан 200 миллион куб метр жаратылыш газын сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу 28-январда «Тажиктрансгаз» ачык акционердик коомунун башкы директору Шавкат Шоимзода билдирди.

Шоимзоданын айтымында, учурда Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«2019-жылы Тажикстан Өзбекстандан 17,7 миллион долларга 140 миллион куб метр жаратылыш газын сатып алган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 2,6 эсеге көп», – деди Шавкат Шоимзода.

Эгер бул жолу сүйлөшүүлөр оң жагына чечилсе, Душанбе былтыркыдан 42% көбүрөөк жаратылыш газын сатып алууга ниеттенүүдө.

Өзбек газын Тажикстана жеткирүү 2018-жылы жазында – алты жылдык тыныгуудан кийин жанданган.

Тажикстан жаратылыш газын өлкөнүн өндүрүш ишканалары үчүн колдонот.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17