Аймак

Баасыз уруусунун урук – топторго бөлүнүшү жана “Кудайлат”, “Төбөт” аталыштардын келип чыгышы.

Баасыз уруусунун урук – топторго бөлүнүшү жана “Кудайлат”, “Төбөт” аталыштардын келип чыгышы.

 10,125 Бардыгы /

Кандай гана эл болбосун анын өзүнө жараша басып өткөн жолу, каада – салты, маданияты, топтогон бай тажрыйбасы, тарыхы болот.

       Тарыхтан өткөндү үйрөнүү, андан сабак алып, тажрыйба топтоп, билим – илимге, жогорку маданиятка жетишүү, өнүгүп өсүү максатында керек.

Тарыхый тагдыр таржымалын оозеки түрүндө көкүрөктө сактап келген эл үчүн элдик санжырадан өткөн эң кымбат, ыйык эч нерсе жок.

Байыркы Кытайда б.з.ч 841-жылга чейин туруктуу тарых (санжыра) жазылган эмес экен.

Б.з.ч 841-жылдан баштап Батыш Чжоу дөөлөтүнүн (Баасыз тукумдары түзгөн дөөлөт Ы.А) башчылары ар бир жылдагы окуяларды жазмага түшүрүп тарыхый жылнамаларды түздүрө баштаган. Батыш Чжоу дөөлөтүнө баш ийген хандыктар менен ээликтер дагы өз санжыраларын жазышкан. Ошол жазмаларды кийин Кытай тарыхнамасынын атасы аталган Сыма Цянь өзүнүн атактуу “Тарыхый жылнамаларына” пайдаланган. (Энциклопедия Нового Китая 40-б.)

        Баасыз уруусунун башаты мындан 4300 жыл мурда жашап өткөн Улуу Ногой хан (Кытай жазмасында Улуу Юй Ы.А) атадан башталат экен.

Бул көз караш бир нече тарыхый фактылар менен далилденет. Ал өзүнчө чоң тема.

Ал эми Баасыз уруусунун урук – топторго бөлүнүшүнүн башталышы б.з 406 – жылына туура келет жана ал Кытай тарыхына түшкөн “Улуу Ся” (407 – 431 – ж.ж) дөөлөтүн негиздеген “ХеляньКудайлат” Баба баатырга түздөн-түз байланыштуу болгон.

       Баба баатыр өзүн император деп жарыялаган учурда ал акылман бабабыз мындай деп жарлык айткан жери бар:- “Менин түндүктөн келген Улуу ата – бабаларын Ючжоу менен Шочжоу аймактарында жайгашып өз аталыштарын “Сы” сары деген атка көчүрдү.

Кийинкилери түп энесинин Лю деген уруусунун атын өзүнө кабыл алышты. Тилекке каршы бул биздин каада – салтка карама – каршы келет.

Кээсинин уруусунун аты ар дайым эле жазылып келген эмес. Алардын айрымдары өзүлөрү келип чыккан атты уруусунун наамы кылып алган.

Айрымдары чоң аталарынын аттарына катталган, мен өз уруумдун атын жаңы мазмуундан келип чыгардым. Императорлор менен падышалар өздөрүн асман менен байланыштырышат. Анткени алар асмандын теңирдин уулдары. “Мен бүгүндөн тартып жогорку аталышымды (уруусунун атын) Хелянь котормосу – Кудайлат (Асманга жаратуучуга байланыштуу эң кымбат символ “Кудай” “лат”, лат сөзү курачу, сөз жасоочу мүчө Ы.А) деген атка көчүрөмүн.

Менин бул кадамым кудуреттүү Теңирдин эркине ылайык болуп түбөлүктүү жана чексиз бакытты алып келишине ишенем”. (Цзиньшу 137-бет)

ХеляньКудайлатБаба баатырдын ата-бабаларынын ысымдары жана тарыхта ээлеген оорду жөнүндөгү маалыматтар.

               Ногой хан (Юаньхай) Баасыз.

Ногой – Хелянь – Кудайлат Баба баатырдын Бубасы болгон. Ногой аталыш анын каймана ысымы. Ногой хан Кытайга жээн кабыл алган, кийин ошол Лю деген аталыш  Ногой ханга бүтүндөй Кытайды басып алып өткөн Хан дөөлөтүнүн бирден бир мураскору катары Түндүктөгү Хан (304-316- ж.ж) дөөлөтүн орнотууга укук берген. Ногой хандын бою 2м 68см түзгөн.

                  Кушубак (Лю Ху) Баасыз.

ХеляньКудайлатБаба баатырдын бабасы Кушубак Лю Цундан Лоуфан Гун деген даражаны, түндүктү кыйратуучу аскер башчы деген наамды, Сяньбилердин согуштук иштерин көзөмөлдөөчү кызматты жана динчилдерден чыккан сакчылардын чоңу кызматын алган.

Кушубак Сылучуан дарыясынын боюндагы жерлерде күч менен ээлеген. Дай Ван деген наамы бар (Сяньби башчысы) Илудан жеңилип андан кийин бекемделген тилкенин ары жагына чегинип кеткен. Кушубактын бою – 2м 56см болгон.

                    Сарыбий (Баоцзы) Баасыз.

          “Хелянь – Кудайлат” Баба баатырдын чоң атасы Кытай тарыхына Баоцзы аталышта түшкөн.

Бао” сөзү бийлик даража ал Бий деп окулат.

“Цзы – Цзи”-сөзү ал Сары деген ысым. Баоцзы – Сарыбий деген тарыхый инсандын ысымы. Сарыбий Баасыз – кайрадан калган көчмөндөрдү чогултуп аларга башчы болуп калган.

Ши Цзилун ага өз элчисин жиберип түндүктү тынчтандыруучу башчынын жана Сол Сянь Ван (сол моголдордун падышасы) деген титулду, динлиндердин чоң бийи деген атактарды берген.

                          Төбөйбек Баасыз.

            “Хелянь – Кудайлат” Баба баатырдын атасы Кытай тарыхына Лю Вейчень аталышта түшкөн. “Лю” – түпкү энесинин уруусунун аталышы. “Вейчень” сөзү инсандын ысымы жана бийлик даражасы. Ал эки түшүнүктөн турат. “Вей” түшүнүгүнүн түз мааниси – Түндүк. Вей сөзү тарыхый инсандын ысымына байланыштуу болгондуктан адамдын түндүгү-төбөсү. Демек, Вей – Төбөй деген ысым. “Чен” сөзү “Бек” деген бийлик даража.

Вейчень сөзү Төбөйбек деген тарыхый инсандын ысымын билдирет.

         Төбөйбек Баасыз бекемделген тилке ченге жайгашып Фу Цзяндын батыштын чоң бийи деген титулду алып Дайлайгенге жайгашып, Хуанхе дарыясынын батыш тарабындагы ар кандай көчмөн (варварлардын) үстүнөн бийлей баштаган. Фу Цзяндан батыштын чоң бийи деген титулду  алып Дайлайгенге жайгашып, Хуанхе дарыясынын батыш тарабындагы ар кандай көчмөн (варварлардын) үстүнөн бийлей баштаган. Фу Цзянь дөөлөтүндө башаламандык башталганда Төбөйбек Шофан жерин басып алып 38 миң жаачан аскер топтогон (Цзиньшу 130-бет).

         Төбөйбек бийлике келген соң өз дөөлөтүн орнотууга көп аракет жасаган. Тилеке каршы ойлогон максаты ишке ашкан эмес.

Б.з 361-жылы Төбөйбек Цин ордосунан кол үзүп Дай дөөлөтүнө караган, 365-жылы ал кайрадан козголоң чыгарган. 367-жылы Сяньбилердин Тоба (Төбөй) ордосунун башчысы Шенгянь Төбөйбеке кол салып анын жеринин жарымынан көбүн басып алган. Төбөйбек батышка качып, Цин ордосунан жардам сурап кайрылат. Жардамга жөнөтүлгөн аскерге Төбөйбек башчы болот. Лю Кужень келаткан Цин аскеринин алдын тосуп чыгат, бирок ал Төбөйбектин аскеринен катуу кыйроого учурайт.

Ооруп жүргөн Шенянь аскерине башчылык кыла албай Иньшан тоосунун түндүк жактарына качып барып Цин аскери кайтып кеткенден кийин гана Юнчужуанга кайра келет. андан көп өтпөй күң аялынан туулган баласы Тоба Шыгюндун колунан алат.

Төбөйбек Юнчужуанга жоортул жасап мураскор Тоба Гуйдун өтө жаштыгынан пайдаланып Шенгяндын ээлигин экиге бөлүп Хуанхе дарыясынын чыгыш тарабын Лю Куженге тапшырып, дарыянын батыш тарабын Ордосту Төбөйбек өзүнө калтырган. Шенгяндын уулу Тоба Гуй кийин атасынын жерлерин Төбөйбектен талап кыла баштайт. 393-жылы Төбөйбек уулу Чжимидеги 9 миң аскер берип Вей ордосунун түштүк тарабына сокку урууга жөнөтөт. Тоба Гуй 5 миң ашуун тандалма жоокери менен Чжимидинин аскерин катуу талкалайт.

Төбөйбек уулу экөө качат, Чжимиди колго түшүп, Төбөйбек өз кишилеринин колунан өлөт. (В.В.Бортольд 1-том. 172172 б).

          Түндүк Вей (тувалыктардын) ордосу менен Төбөйбек Баасыздын тукумдарынын тирешүүгө “ХеляньКудайлатБаба баатырдын мезгилинде дагы токтогон эмес. Ал өлгөндөн кийин Баасыз тукумдары Юань Вей ордосунун бийлигин тааныган.

Төбөйбектин 8 (сегиз) уулу болгон. Алар Чжимиди, Юридай, Лихоути, Хелянь Баба баатыр, Алилоин, Жамынь, Чицзянь, Идоу.

Төбөйбектин уулдарынын арасынан Баба баатыр б.з 406 – жылы Кытайды басып алып кийинки “Улуу Ся” дөөлөтүн орнотуп, император болгондо өз уруусун “Хелянь” деп жарыялап “Кудайлатуругунун аталышын негиздеген жана Баасыз тукумдарынын улук-топторго бөлүнүшүнө жол ачкан.

Агасы Юдидайга Дай Гун (Дай аталыгы), агасы Лихоутиге – Вей Гун (Төбөй аталыгы) деген даража титулдарды ыйгарган.

Мында, Төбөй жана Кудайлат урууларынын аталыштары так белгилүү болсо, калган алтоонон Баасыздын кайсыл ири уруктары тараганы белгисиз, котормочулар дагы жардам бере албады.

                     “Хелянь – Кудайлат” Баба баатыр жөнүндөгү      тарыхый маалыматтар.

          Өлүм коркунучуна кабылган Баба баатыр чиган калкына качкан. Чиган элинин башчысы Баба баатырды Түндүк Вей (Төбөй) ордосуна кармап бермек болгондо башчынын иниси Алинин жардамы менен Кытай императору Яо Синге кызмат кылган Гаонин Гун деген даражасы бар Манюй (Кыргыз А.Ж) аталыка барып баш калкалаган. Көп өтпөй Манюй Баба баатырга кызын колуктулука берет.

Баба баатыр талаш тартыштарда абдан чечен эле, башкалардан өтө терең акылы менен айырмаланып турган, өзү аябагандай олбурлуу алп адам болгон. Анын бою 2м 72см, бели бир жарым кулакты түзгөн.

Кытай императору Яо Син Баба баатырга аябай суктанаар эле. Бара – бара Баба баатыр Кытай императору Яо Синдин дагы ишенимине кирди.

Мамлекеттик жана согуштук ар кандай маанилүү маселелерди талкулоого дайыма катышып жүрдү. Башка кызматчыларга караганда Баба баатыр император Яо Синдин сүймөнчүк адамына айланды.

Кийинчерээк Яо Син Баба баатырды императордун өкүлү деп жарыялап “Түндүктү кыйратуучу аскер башчы” – деген наамды Уюань Гун (Уюань аталыгы) деген титулдарды ыйгарып, Саньсяо аймагында турган Сяньбилердин (моголдордун) беш айылы менен ар түркүн көчмөн кыйраткычтардан куралган 20 миң түтүндөн ашуун эл берип Шофан округун башкарууну буйруду.

Ошол учурда Куанхе дарыясынын батышында турган Дулун деген Сяньби башчысы император Яо Синге 8000 жылкы тартуулап келаткан эле, ал жылкылар Куанхеден кечип өтүп Дачен оозуна жете келген кезде Баба баатыр 8 миң жылкыны тийип тартып алат.

Ошол окуядан кийин баарына душман болгон Баба баатыр Гаопинчуанга аңчылык кылам деген шылтоо менен 30 миңден ашык жоокер топтоп, өз кайнатасы Монюйга кол салып аны өлтүрүп кайнатасына караштуу калкты өзүнө кошуп алды. Натыйжада Баба баатырдын карамагында бир нече ондогон миң киши топтолду.

406жылы Хелянь – Кудайлат Баба баатыр өзүн Тянь Ван (Теңир падыша) жана Улуу Аталык деген даражаларды алып, карамагындагы жерлердеги күнөөкөрлөргө кечирим жарыялап кызматчыларды дайындады.

Өзүн Хунндардын байыркы “Ся” дөөлөтүнүн мамлекет башкаруучуларынын тукумдары деп эсептеп, ХеляньКудайлат Баба баатыр өз өлкөсүн “Улуу Ся” мамлекет деп атады.

Ал агасы Юдидайга Дай Гун (Дай аталыгы) наам даража берүү менен императордун эң башкы жардамчысы кылып дайындады. Андан кийинки агасы Лихоутиге Вей Гун (Төбөй аталыгы) деген титулду жана улуу аскер башчы деген наамды берди. Чиган көчмөндөрүнөн чыккан (Баба баатырга качырган) Алиге Лян Гун (Лян аталыгы) деген титулду берүү менен башкы цензор кылып бекитти. Инилери Алилоинь, Чинзянь, Идоу баарына тең ар кандай жогорку титулдарды ыйгарды жана инилери ар түрдүү кол башчылык наамдарга жетти.

Б.з 406-жылы ХеляньКудайлат Баба баатыр Сюзюй уруусу баш болгон Сяньбилердин (Моголдордун А.Ж) үч уруусунан өч алуу үчүн жоортул жасап аларды талкалап 10 миң кишисин туткундады.

Кытай императору Яо Син тарабынан Сангендин түндүк тарабына коюлган аскерлерге согуш ачып ХеляньКудайлат Баба баатыр Туфа Нутандын (Сяньби уруу башчысы) кызына жуучу жиберди. Тилеке каршы тигил кызын берүүгө макул болбоду. Ошондон катуу ачуусу келген ХеляньКудайлат Баба баатыр 20 миң аскери менен Нутанга кол салды. Янфейден Чжиянга чейин 300 ли (150км) аралыка жоортулдап 10 миңдей кишини туткундап, бир нече 100миң баш малды, жылкыны, койду олжолоп кайра кайтты.

Туфа Нутань өз аскерин баштап Баба баатырдын артынан түштү. Нутандын мыкты жаачылары Баба баатырдын оң ийининен жаралады. Ошого карабай Хелянь – Кудайлат Баба баатыр аскери менен чабуулга чыгып Туфа Нутандын кошуунун биротоло талкалап кайра качкандардын артынан түшүп 80 ли аралыка чейин кууп келип ондогон миң жоокерин кырып жойду. Туфа Нутандын ондон ашык жогорку даражадагы кол башчыларынын башын алып, аларды бир жерге үйүп, алардын үстүнө топурак төгүп дөң кылып ага Далоутай “баш сөөктөрүнүн дөбөсү” деп ат койду.

Андан соң Хелянь – Кудайлат Баба баатыр Кытай императору Яо Синдин аскер башчысы Чжан Фошен менен Циншиюандын алдында беттешип аны талкалап 5700 жоокерин кырып, калганын туткундады. Кытай императору Яо Син өз аскер башчысы Ци Нанга 20 миң жоокер берип Баба баатырга кол салуусун буюрду. Ал эми ХеляньКудайлат Баба баатыр Хенюцга  амалданып чегинип кетти. Бабаны алыска кууп салдык деген Ци Нан жоокерлерин жайына коюп аларга талаа түздөгү көчмөн элди талап таноого мүмкүндүк берди.

        Хелянь – Кудайлат Баба баатыр аскери менен жашыруун келип Ци Нандын аскерине камындырбай капыстан кол салып катуу кыйроого учуратып жети миңден ашуун жоокерин туткунданып, согушка жарактуу аттары менен куралдарын олжолоду.

Ци Нан аман калган жоокерлери менен артка качты, алардын артынан түшкөн Баба баатырдын аскери аларды Мучен шаарынын жанынан кол салып шаарды ээлеп Ци Нанды колго түшүрүп, кол башчыларын, 13 миң кишисин туткундап 10 миң мыкты согушка жарамдуу аттарды олжолоду.

Ошондон көп өтпөй кырка тоонун түндүк жактарында жайгашкан И тайпалары (Кызыл уул тукумдары А.Ж) менен саясттар (кытайлар) Баба баатырга багынып беришти. Алар бир нече миң киши эле. Аларга башчы кылып жергиликтүү кызматчылардан башчы койду.

Андан кийин Баба баатыр 20 миң аскери менен Гаоган ойезуна басып кирип Уцзинге жакындап Пинлян округунан өз аскерлерин толуктоо үчүн 7 миңден ашык түтүн Ху (варвар) көчмөндөрүн каратты. Андан ары алдыга жылып Иличуан суусунун боюна жайгашты.

Ошондо Кытай императору Яо Син Баба баатырдын кошуунуна кол салуу үчүн жоортулга өзү чыкты, бирок ал Санченге келгенде Баба баатыр Яо Синдин аскери толук келе электигинен пайдаланып ага өзү баш болуп кол салды.

Өлөөрчө корккон император Яо Син аскер башчысы Яо Венцзуга Баба баатырдын мизин кайтар деп буюруду. Ал эми Хелянь – Кудайлат Баба баатыр амалданып чегинип буктурма уюштурду. Император Яо Син аскер башчысы Яо Юйшенди жана башкаларды Баба баатырдын кошуунун курчоого алуу үчүн жөнөттү. Бирок буктурмада тургандар көптөгөн Кытай аскерин ар тараптан жаа менен кырып, калганын колго түшүрдү.

Кытай императору Яо Синдин аскер башчысы Ван Си жанасы Чицину чебинде үч миң тибеттик жана Ху үй-бүлөөлөлөрүнөн топтогон эле. Ошол чепке Баба баатыр кол салды.

Өзү эр жүрөктүүлүгү жана зор күч кубаты менен айырмаланган Ван Си кырчылдаган кармашта Баба баатырдын көп жоокерлерин жарадар кылды.

Ошондо Хелянь – Кудайлат Баба баатыр чептегилерди суудан каңтаруу үчүн анча чоң эмес тосмо (плотина) курду. Курчоодо калган чептегилер айлалары түгөндүктөн Ван Сини кармап багынып берүү үчүн чептен чыкты. Акырында туткунга түшкөн Ван Си өзүнүн ондогон жоокерлери менен өздөрүн- өздөрү мууздап өлтүрдү.

Андан соң Баба баатыр Яо Синдин Хуаншичуда турган аскер башчысы Минзе Хаодиге кол салды.

Алар турган эки чепти ээлеп, ал жердеги жети миңден ашык үй-бүлөөнү Даченге көчүрдү. Аларды Ючжоу аймагына башчы болуп дайындалган Баба баатырдын агасы Юдидай башкарып калды.

     Хелянь – Кудайлат баба Баатырдын эң улуу Чижимиди ысымдагы агасынын уулу сол канаттын аскер башчысы деген наамы бар Лоти 10 миң жөө жана атчан аскер менен Яо Синдин Диньянда жайгашкан аскер башчысы Яо Гуандуга кол салды. Шаарды ээлеп душмандардын төрт миңден ашык жоокерлери менен аскер башчыларын жерге тирүүлөй көмдү. Өз эрки менен багынып берген Яо Гуандуга аскердик наам ыйгарылган.

Баба баатыр Кытай императору Яо Синдин Циньшуй деген оздук шаарда турган аскер башчысы Яо Шоудуга согуш ачты. Ал Яо Шоуду Шангуй округуна качты. Баба баатыр өзүнө багынып берген 16 миң үй-бүлөөнү Даченге көчүрдү. Ошол жылы Ци Нан менен Яо Гуннду экөө козголоң чыгарууну көздөшөт, бирок алардын арам ойлору билинип калып экөөнү тең өлтүрүшөт.

Император Яо Синдин кол башчысы Яо Сян Санченди таштап түштүтөгү Дасуга качты. Баба баатыр чыгышты тынчтандыруучу аскер башчы деген наамы бар Люнюйду Яо Сянды кармап келүүгө жиберди. Люнюй Яо Сянды жана анын бардык жоокерлерин туткундап келди.

ХеляньКудайлат Баба баатыр тигинин кылмыштарын бирден санап туруп Яо Сяндын башын алды. Ушул жылы Баба баатыр 30 миң атчан жоокери менен Андин округуна кол салып Циншинин түндүк тарабындагы түздүктөн Яо Синдин дагы бир аскер башчысы Ян Фосун менен беттешти. Аны талкалап 35 миң кишини туткундап 20 миң аскердик аттарды олжолоду.

ХеляньКудайлат Баба баатыр согуштун жүрүшүн андан ары улантып ошол эле Кытай императору Яо Синдин Дунсянда жайгашкан кол башчысы Данчжулинга кол салып аны багынып берүүгө аргасыз кылды. Ошол Динчжилунду сарай кеңешчиси кылып дайындап өзүнө багынган 3 миңден ашык үй-бүлөөнү Эрченге көчүрдү.

Кытай императору Яо Синде түндүктү башкаруучу аскер башчысынын кол алдындагы Кеңешчи даражадагы кызмат кылган Ван Майда Баба баатырга качты.

Ошондо Хелянь – Кудайлат Баба баатыр Ван Майдэге мындай деди: – “Мен Улуу Юйдун (Улуу Ногой хандын А.Ж) тукумдарынанмын, ата-бабаларым укумунан тукумуна дейре Ючжоу менен Шочжоу аймактарында туруп ар дайым таалайлары жанып, кудурети жагынан Хан жана Вей дөөлөттөрүнө тете кубаттуу мамлекеттирди башкарып келди.

Бирок мезгил ортологондо алар үчүн ыңгайсыз кырдаал түзүлдү. Алар башкалардан бийлигин тааныды. Качан гана мага кезек жеткенде мен императордук тактыны мурастап ала албадым. Өз ата – бабаларымдын ишин даңкка бөлөөгө кубатым жетпеди. Себеби, мамлекет эбак кыйрап, дөөлөт эбак жок болуп, өзүм дагы селсаяк сыяктуу ар кай жерде тентип жүрдүм. Ал эми азыр болсо тагдырдын ыңгайлуу учурунан пайдаланып өйдө көтөрүлгүм келет. Улуу Юйдун (Ногой хандын А.Ж) мурастарын кайрадан тирилттим. Улуу дөөлөттү кайрадан калыбына келтиргим келет”, сиз ага кандай дейсиз?

   Ван Майдэ Хелянь – Кудайлат Баба баатырдын айткандарын толук кубаттап колдоп чыкты.

Баба баатыр Шофан дарыясынын түндүк жагына Тунван деген борбор шаарын салдыра баштады.

Ал “Лян” уруусунан чыккан колуктусун Каныкей (императрица), ал эми уулу Гуйду тактынын мураскери деп жарыялады. Калган балдарына төмөндөгүдөй титулдарды берди:- Янга – Яннин Гун, Чанга – Таюань Гун (Кара – шаар айтылат) Лунга – Цзюнюань Гун, Кинге Пиньюань Гун, Манга – Хенан Гун, Анга – Чжиуншан Гун.

Андан кийин ХеляньКудайлат Баба баатыр Кытай императору Яо Синдин Синченде жүргөн аскер башчысы Яо Куйга кол салып, жыйырма күндөн кийин шаарды ээлеп, катуу каршылык көрсөткөн аскер башчы Яо Куйду жана Яо Даюн, Яо Анхе, Яо Липу, Ин Дилерди колго түшүрүп аларды 20 миң жоокерлерине кошуп жерге тирүүлөй көмдү.

ХеляньКудайлат Баба баатыр – Цзюйнюй Мэнсун (катаган уруусунун башчысы А.Жолоев) менен ынтымак, биримдик келишим түзүү боюнча ага У.Логу аттуу башкы Цензордун жардамчысын жиберди дагы, Мэнсунга эзелтен берки туугандык жакындыктарын, бул жарыкчылыкта тагдырдын Жараткан так ушул бири – бирине жанаша турган эки ордого тапшырганын, алардын арасында дайыма адилетике жана биримдике негизделген мамиле болушу керектигин, ошондуктан алар өз – ара тынчтык менен достукту бекемдеп, ушул ызы – чуулу заманда ар биринин өз мамлекети жана ээлиги дайыма болушу үчүн аракет кылуулары зарыл экендигин айттырат.

Менсун – Баба баатырдын айткандарын туура кабыл алып, чын жүрөктөн жактырып өз аскер башчысын Цзюйкюй Ханлинди биримдик келишим түзүүгө жөнөтөт.

Яо Хундун кол башчысы Яо Сун ДиВан деген титулду алып жургөн Ян Шен менен араздашып жүргөн үчүн ХеляньКудайлат Баба баатыр 40 миң атчан жоокери менен Шангүй округуна капыстан кол салды. Бирок башкы шаарга жете электе Ян Сун берки Ян Шен тарабынан өлтүрүлгөндүгүн укту. Шангүй шаарына кол салып аны жыйырма күндүн ичинде алды.

Яо Хун койгон Циньчжоу областынын башчысы Яо Пинди 5 миң жоокери жана аскер башчылары менен кырып шаардын дубалдарын талкалап кара кайтты. (129-138 б).

ХеляньКудайлат Баба баатырдын эсепсиз чапкындарынан кийин ордонун негизин тибеттиктер түзгөн кийинки Цин дөөлөтү аябай начарлады дагы Кытай императору Яо Син өлтүрүлгөндөн кийин анын ар кайсы шаарлардагы кол башчылары башкаруусуз калып, Люй өз кезинде Баба баатырдын жортуулдарынан Люянга чегинип кетти.

ХеляньКудайлат Баба баатыр атактуу Чананды ээледи дагы аны түштүк борбор, өзү салдырган Тунван чебин түндүк борбор кылды.

“Жандоочу кийик аттырат” – дегендей Баба баатырдын ошончолук ийгиликтерге жетишине ага кеңешчи болгон Ван Майде менен Чанан шаарын алууда эң башкы аскер башчылык кызматты аткарган өзүнүн уулу Гуйдун кошкон салымдары зор болду.

Кийин Чанандагы түштүк борборду Баба баатырдын уулу Гуй башкарып калды.

ХеляньКудайлат Баба баатыр өзү түп бабасы катары санаган Улуу Юйду (Улуу Ногой хан. А.Ж) туу тутуп, өмүр бою сыймыктанып өткөн.

Чанандын түштүк жагындагы чоң ташка чегилген  ХеляньКудайлат Баба баатырдын эрдиктери даңазаланган жазмаларда: – “Улуу Юй (Улуу Ногой хан – №1 баасыз Ы.А) биздин эң жогорку бабабыз”, “Ал өзүнүн жаркын нуру менен бүтүндөй “Ся” жерин жарык кылган”, “Асман менен жер ага бакыт чачкан”, “Анын бийлиги атадан балага жыйырма муун өткөнчө төрт жүз жыл бою өтүп турган татыктуу башкаруучулар такты биринен бири мурастап алган акылдуу мамлекет башчылар биринен соң бири такка отурган”…

“Мына ошо Улуу Юй тукумдарынын дөөлөтүнөн бери ушул кезге чейин (ХеляньКудайлат Баба баатырдын заманына дейре эк миң жылдан ашык (туурасы 2650 жыл) мезгил өткөн” жана башка деп жаздырган. (143-144 б).

Мүнөзү боюнча ХеляньКудайлат Баба баатыр ырайымсыз эле – деп жазат Кытай тарыхчысы, – ал бирөөлөрдү кырып жоюуга абдан жакын болчу, ишинде эч качан жумшактык кылбаган. Өзүнүн сарайында отурганда жанына жаа менен кылычын жөлөп коюучу дагы, кимдир бирөөгө жини келсе аны ошол эле жерден өзү өлтүрө турган. Нааразы көз карашын билдирген кызматчылардын көзүн чукуп, ыгы жок күлгөндөрдүн ээрдин кесип анан башын алдырган.

 “И” эли менен кытайлар чоң кайгыга батып, калк кимге таянаарын билген эмес.

Кытай тарыхчыларынын Баба баатыр бабабызга берген сындын чындыгы канчалык, бирок башка элден, жерден келип бирөөнүн эли – жерин басып алып, кул кылган “Тиран” баатырды алар кантип эле жакшы көрүшсүн?

ХеляньКудайлат Баба баатыр бабабыз каардуу ж.б кемчилдиктерине карабастан, мол билимге, чексиз жөндөмдүүлүкө, таңкалаарлык зор алп күчкө эгедер эле, аны Кытай императору Яо Син биринчи жолу көргөндө аябай таң калып кубанган, ал эми Сун дөөлөтүнүн негиздөөчү Баба баатырдын атын укканда өңү өчө түшкөн.

Дагы бир кабарда – Баба баатыр жаа жана ышкырма жебелер менен куралданган жоокерлерине таянган, ал бекемделген тилкенин ары жагында кең талаада ышкырма жэбени бир атуу менен бүт аскерин топтоп ортолук мамлекеттин каардуу коркунучуна айланган.

Анан ал өзүнүн боз үйүнүн оордуна заңгыраган императордук ак сарайларды салдырган!

Ал такты ээлеп алууга жетишсе дагы, аны киши өлтүрүүчү кылмышкерлердин башчысы деп атаса болот деп жазышкан. (148-149 б).

Өзүнүн жогорку аталышын ХеляньКудайлат деп уруусунун аталышын жараткан Баба баатыр императордук тактыда 13 жыл отургандан кийин Чанандагы так Сун дөөлөтүнө өттү.

Б.з 425-жылы биринчи КудайлатБаба баатыр бабабыз дүйнөдөн өттү. Оордуна такка уулу Чан отурду, көп өтпөй ал түндүк Вей дөөлөтүнө колго түшүп туткун болду. Андан кийин Баба баатырдын дагы бир уулу Дин өзүн Пиньянда ХеляньКудайлат Дин император деп жарыялады.

Бирок ал дагы түндүк Вей дөөлөтүнө кызмат кылган түкюе хунндары тарабынан колго түшүрүлдү.

   Кудайлат уруусунун негиздөөчүсү Баба баатырдан анын уулу ХеляньКудайлат Динге чейин 24 жыл өтүп, Баба баатыр бабабыз негиздеген “Улуу Ся” (407-431-ж.ж) дөөлөтү өз жашоосун токтотту.

ХеляньКудайлат Баба баатыр жөнүндө ушунчалык баа жеткис маалыматтарды жазып калтырган Кытай тарыхчысына, аны которгондорго жазып жарык бергендерге чексиз ыраазычылык!…

Эми Баасыз уруусуна байланыштуу элдик уламыштагы окуя менен Кытай жазмасына түшкөн тарыхый окуяны салыштырып көрөлү.

Санжырачы Өмүралы уулу Макембай агабыз Баасыздын Керки – Тамга урук – тобун изилдеп жазганында: – “Кыргыздар тажиктердин эзүүсүнөн кутулгандан кийин калмактар менен жер талашып дагы оргу – баргы заманга туш болот.

Калмактар Ак – Буура дарыясынын боюна чеп куруп алып, дарыядан жер алды менен түтүкчө аркылуу суу киргизип алат.

Кыргыздар жана Айкожокан баш болуп тажиктер чепти ала албай кыйналышат.

Ошондо базыс төөлөргө саман жүктөп келип дарыяга ташташат. Самандын агышы менен кууп барып түтүкчөнүн оозун тосуп тагып – тыгып суу өткөрбөй коюшат. Чепке суу бурбай калган соң калмактар аргасыз чептен чыгышат.

Кыргыздар аларды кырып салат. Бул амалды ким тапты деп сураганда аны Түгөлбука басыз кылгандыгы аныкталат деп жазган.

Мында, Кытай жазмасындагы Баба баатырдын Чиципу чебин камоолосундагы жана элдик уламыштагы фактылар (суудан каңтаруу, чепти алуу) болуп өткөн бир эле тарыхый окуяны тастыктайт. Айырмасы элдик уламышта болуп өткөн тарыхый окуянын мезгили 12-13 кылым төмөн түшүп, окуя болгон жер, катышкан эл башкача сүрөттөлгөн.

Негизгиси каармандар Баба баатыр жана Түгөлбука баатыр түбүндө бир эле тарыхый инсан. Ал Кытай тарыхына түшкөн “ХеляньКудайлатБаба баатыр.

Кыргыз санжырасында Баасыз уруусунун генеологиялык таблицасында: – Баасыз – Норус – Орус – Аксулук Түгөл – Ала – Була – Төбөй.

Төбөйдөн – Сары куп (Сары күчүк), Ак куп (Ак күчүк) деп, ошол Сары куп, Ак күптөн Баасыздын курамындагы жыйырмадан ашуун урук – топторду таратат.

Кытай жазмасы “Цзиньшуда” Аксулук Түгөл, Ала – Була жана Сары күп (Сары күчүк), Ак – күп (Ак күчүк) деген ысымдар жок?

Демек жалган. Ал алгачкы автордун өзү ойлоп тапкан “выдумкасы” б.а адепсиздиги.

АлаБула, Сары күп (Сары күчүк), Аккуп (Ак күчүк) аталыштагы ысымдары “биринчи автор” Баасыз уруусундагы элди кемсинтүү, шылдыңдоо, мазактоо максатында пайдаланган деп кабыл алууга болот.

“Кулансарык – Семетейдин” мезгили б.з.ч 2-1 кылым, анын хан (шаньюй) болгондугу. Кытай менен согушкандыгы ж.б жөнүндө тарыхый кабарлар бар. Анын тукумдарынын ысымы тарыхта б.з 1-кылымдын аягында кездешет жана ал кытай жазма булагына Юйфуле аталышта түшкөн.

Юйфуле кытай тилинен которгондо Эр Ногой же Ногой уулу болуп окулат жана ал б.з 3-4-кылымында жашап өткөн Ногой Хандын бабасы деп жазылган.

Цзиньшу” жазмасы боюнча алганда, б.з 3-5-кылымдарындагы Баасыз уруусунун генеологиялык уланышы төмөнкүдөй иретте:

Ногой хан баасыз (Юаньхай) 3-4 кылым, андан Кушубак баасыз (Лю Ху) 3-4-кылым, андан Сарыбий баасыз (Баоцзы) 4-кылым, андан Төбөйбек баасыз (Лю Вейчень) 4-кылым.

Төбөйбектин 8 (сегиз) уул, алардын кытай тилиндеги ысымдары жогоруда жазылды.

Азырынча Төбөйбектин балдарынан, Лихоутиден Төбөй (тобой) уруусу (урук-тобу), келип чыккандыгы белгилүү болду. Калган алты уулунан кайсыл урук – топтор пайда болгондугун которуу, тактоо мүмкүн болбоду.

Төбөйбектин 8 (сегиз) уулунан Баасыздын курамындагы 7-8 ири уруулар келип чыккан деп болжолдоого негиз бар.

Жогоруда такталган ысымдарда – Аксылык, Түгөл, Ала – Була, Сары куп, Ак күп (алардын Сарыкүчүк, Ак – күчүктөрү) кездешпейт?!

Баасыздын генеологиялык таралышы боюнча Кытай жазмасына түшкөн ысымдарга ишенүү керекпи же жалгыз киши (алгачкы автор) жазып койгон Ала – Була күчүктөрүнө ишенүү керекпи ага окурмандар өздөрү тараза?!

Ырысбек АКУМБАЕВ, Көк – Арт өрөөнү

Абатбек ЖОЛОЕВ, Өзгөн району.

Бул жазма Өзгөндүн Кара – Дыйкан айылында жазылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17