Аймак

ТАЖИКСТАНДА ЖУРНАЛИСТ ДАЛЕР ШАРИФОВ ЭКИ АЙГА КАМАЛДЫ

ТАЖИКСТАНДА ЖУРНАЛИСТ ДАЛЕР ШАРИФОВ ЭКИ АЙГА КАМАЛДЫ

 1,184 Бардыгы /

Тажикстанда эки күндөн бери милицияда сурак берип жаткан журналист Далер Шарифов эки айга тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту 30-январда кабыл алды.

Журналист «Улут, раса жана дин аралык кастыкты козутту» беренеси боюнча айыпталууда. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, ал беш жылга чейинки мөөнөткө соттолушу мүмкүн.

27-январда тажик милициясы журналисттин Душанбе шаарындагы үйүндө тинтүү жүргүзүп, анын компьютерин жана бир нече китебин алып кеткен. Эртеси күнү Шарифов милицияга сурак берип жатканы белгилүү болгон.

Далер Шарифов мурда мамлекеттик «Сафина» телеканалында эмгектенген. Акыркы жылдары ишкерлик менен алектенип, бирок расмий түрдө эч жерде иштеген эмес. Журналист социалдык түйүндөргө жарыялаган сынчыл көз караштагы макалалары менен белгилүү.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17