Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: СУУ ЖАНА ТАШТАНДЫ АКЫЛАРЫН ТӨЛӨБӨГӨНДӨРГӨ РЕЙД ЖҮРДҮ

ЖАЛАЛ-АБАД: СУУ ЖАНА ТАШТАНДЫ АКЫЛАРЫН ТӨЛӨБӨГӨНДӨРГӨ РЕЙД ЖҮРДҮ

 1,492 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарында коммуналдык кызматтарды колдонуп ага болгон төлөмдөрүн өз убагында жүргүзбөгөн жашоочулар бар. Акы төлөбөгөндөргө карата атайын рейд өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.  

Аларга карата шаардын сууканал башкармалыгы тазалык кызматы менен биргеликте өткөргөн рейдде, төлөмдөрдү өз убагында жүргүзбөгөн абоненттер тарабынан бир катар түшүнбөөчүлүктөр жаралды. Аны менен бирге ири өлчөмдөгү карыздар үй ээлери эшиктерин ачпай, тоскоолдуктарды жаратты.

“Жалал-Абад Тазалык” кызматынын жетекчиси Элдияр Төрөкуловдун айтымында, коммуналдык чыгымдардан жыйналган каражаттар, кайра эле жашоочуларга суу жеткирүү менен тазалыгын камсыздоого жумшалат.

-Көпчүлүк үй ээлери жашоочулардын так сынын жашырып, атайын кызматтарга болгон акыларды кыскартуу аракетин көрүп келишет. Рейд учурунда бул маселелерди да чечүү аракеттери көрүлүп жатат. Бул жагдайлар мекемелердин жыл башында бекитилген пландарын аткарылышына көйгөй жаратат дейт,- Э. Төрөкулов.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Жалал-Абад Тазалык кызматы 64 миң шаар калкын тейлесе, ал эми сууканал башкармалыгына 25ге жакын миң абонент катталган.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17