Аймак

КРдин XII ЧЕМПИОНАТЫ: “ДИНАМО ЖАЛАЛ-АБАД” 1-ОРУН

КРдин XII ЧЕМПИОНАТЫ: “ДИНАМО ЖАЛАЛ-АБАД” 1-ОРУН

 1,717 Бардыгы /

КРдин XII чемпионатынын 1-турунда «Динамо Жалал-Абад» командасы Б группасында биринчи орунга чыгышкан. Бул тууралуу аталган команданын машыктыруучусу Кайрат Садыков билдирди.

Анын айтымында «Динамо Жалал-Абад» командасы атаандаштары менен 5 жолу беттешип, 5 жолу тең жеңишти багындырышкан. Жалал-Абад командасы Б группасына кирип, ал эми аталган группада жалпы 6 команда болду.

Маалыматка ылайык, чемпионат Ош шаарында 25-январдан 31-январга чейин уланып, жалпысынан 20 команда катышкан. Жогорку лигада 12 команда, улуттук лигада 8 команда ат салышкан. Бишкек шаарында мелдештин 2-туру февраль айында, ал эми 3-туру март айында өткөн соң жыйынтыгы чыгарылат.

Чемпионатты КРдин волейбол федерациясы менен Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети биргеликте өткөрүлгөн.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17