Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдеги  ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдеги  ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

 1,035 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2019-жылдагы ишмердүүлүктөгү жетишкендиктери үчүн ыйгарылган «Мыкты ички иштер органы» өтмө туусу бүгүн 3-февралда Жалал-Абад ОИИБне алынып келинди. Бул тууралуу  Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, Жалал-Абад ОИИБнин начальниги, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов өздүк курамды өлкө аймагында мыкты болуусу менен куттуктап, бул ийгиликке жетүүдө ар бир кызматкердин салымы бар экендигин белгиледи.

Ошондой эле, ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн улук инспектору Осмонбек Турдукуловго кезектеги майор наамы ыйгарылды.

Мындан сырткары курамында милиция кызматкерлери бар командалар Республикалык мелдештерде биринчиликти багындыргандыгы белгиленди.

Тактап айтканда, 21-26-январь күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлгөн 45 жаштан жогоркулар арасындагы клубдар аралык волейбол мелдешинде ИИМдин «Динамо» клубу чемпион болду. ИИМдин «Динамо» клубунун президенти, спорттун чебери, Жалал-Абад ОИИБнин Финансы-чарба бөлүмүнүн начальниги, милициянын майору Кыялбек Орозалиев жетектеген команда буга чейин 2018-жылы чемпион, 2019-жылы 3-орунга жетишкен.

25-31-январь күндөрү Ош шаарында өткөрүлгөн Кыргызстандын XII чемпионатынын биринчи турунда Жалал-Абад областынын волейбол боюнча «Динамо» курама командасы 1-орунду багындырды. Негизги курамды «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкерлери түзгөн команда атаандаштары менен 5 жолу оюн талаасына түшүп, жеңишти камсыздашты. Чемпионатка жалпысынан 20 команда катышып, жогорку лигада 12 команда, улуттук лигада 8 команда ат салышты. «Динамо» командасы жогорку лигада оюн көрсөтүп, ийгиликке жетишкен.

«Аймак»

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17