Аймак

МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКА БОЮНЧА ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДА ӨТТҮ

МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКА БОЮНЧА ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДА ӨТТҮ

 2,230 Бардыгы /

Базар-Коргон районунда менталдык арифметика боюнча областтык олимпиада болуп өттү.  Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык методикалык кабинетинин башчысы Айдай Арапбаева билдирди.

Окуучулар бардык район-шаарлардан келишкен, 20 мүнөттүн ичинде 100 мисал берилген. Окуучулар 100 мисалдын 60-70 суроосуна туура жооп берип, жакшы көрсөткүч көрсөткөн. Алардын арасынан Ала-Бука районунан келген бир окуучу 15 мүнөттө 100 мисалды иштегенге жетишкен.  Ал эми Жалал-Абад шаарынан 13-мектептин окуучусу 1-орунду багындырды”-дейт А.Арапбаева.

Анын айтымында 1-февраль күнү өткөн олимпиадага област  аймагынан 6 жаштан 16 жашка чейинки 413 окуучу катышкан. Алардын ичинен 150 окуучу 1-2-3-орундарга жана  “чемпион, суперчемпион” деген  кубокторго ээ болушкан.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17