Аймак

ОРУСИЯДА КОРОНАВИРУС ЖУКТУРГАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР ДЕПОРТАЦИЯЛАНЫШЫ МҮМКҮН

ОРУСИЯДА КОРОНАВИРУС ЖУКТУРГАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР ДЕПОРТАЦИЯЛАНЫШЫ МҮМКҮН

 938 Бардыгы /

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин коронавирус жуктурган чет өлкөлүк жарандар өлкөдөн депортацияланышы мүмкүндүгүн билдирди.

3-февраль күнү эртең менен жарыяланган маалыматка ылайык, Кытайда 2019-nCoV коронавирусун 17 238 адам жуктуруп, 361 киши өлдү. Мындан тышкары 2-февралда бул вирустан Филиппинде 44 жаштагы бейтап каза болгону кабарланган.

Өткөн жумада Орусиянын Забайкалье крайы менен Тюмень облусунда коронавирус жуктурган эки адам аныкталган — алар Кытайдын жарандары. Учурда Читадагы инфекциялык ооруканада жаткан бейтаптардын бири Орусиядагы шарттарга жана дарылоо ыкмасына даттанууда.

30-январда Орусия Ыраакы Чыгышта Кытай менен чек арасын кеминде 7-февралга чейин жапкан.  Мындан тышкары аэропорттордо Кытайдан келген бардык орусиялык туристтер текшерилүүдө.

30-январда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус башка өлкөлөргө жайылып жаткандыгына байланыштуу эл аралык маанидеги өзгөчө абал жарыялаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17