Аймак

КАЗАКСТАН КЫТАЙ МЕНЕН ТРАНСПОРТТУК БАЙЛАНЫШТАРДЫ ТОКТОТТУ

КАЗАКСТАН КЫТАЙ МЕНЕН ТРАНСПОРТТУК БАЙЛАНЫШТАРДЫ ТОКТОТТУ

 846 Бардыгы /

Казакстан коронавирустун тарашына жол бербөө максатында бүгүн, 3-февралда Кытай менен аба байланышын токтотту.

Буга чейин, 29-январдан тарта автобус,1-февралдан тарта поезд каттамы токтотулуп, кытай жарандарына виза берүүгө чектөө киргизилген.

Соңку маалыматтарга караганда, Кытайда өпкөнүн сезгенишине алып келчү коронавирустан 361 адам өлдү. Вирусту жугузгандардын саны 17 миңден ашты.

Кытай бийлиги коркунучтуу илдетти дарылоо үчүн 1000 орунду талаа госпиталы курулуп бүткөнүн жарыялады. AP агенттиги Хубэй провинциясында дагы 1500 бейтапка ылайыкталган оорукана салынып жатканын жазды.

Коронавирус тараган бул аймакта ооруну жуктургандардын саны 2-февралга карата 11 177 кишини түзгөн.

Вирус жалпысынан 24 өлкөдө табылды, алардын арасында Орусия да бар.

Казакстан Саламаттык сактоо министрлигинин кабарлашынча, курч респиратордук вирустук инфекция белгиси менен 80 киши ооруканага – башкалардан оолак жаткырылган, алардын ичинен 39у сакайып чыккан. Азыр стационарда 41 киши калды.

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17