Аймак

ТОКТОГУЛ РИИБнин БАШЧЫСЫ ЖЫЛ МЫКТЫСЫ

ТОКТОГУЛ РИИБнин БАШЧЫСЫ ЖЫЛ МЫКТЫСЫ

 995 Бардыгы /

Токтогул районунун аймагында жайгашкан мекеме жана ишкана жетекчилери арасындагы сынакта Токтогул РИИБнин начальниги милициянын полковниги Замирбек Ормонов мыкты жетекчи деп аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сынакты райондук администрация уюштуруп, 2019-жыл ичинде кызматкерлердин иштөөсүнө шарт түзүү, санариптештирүү иштери, шаардын инфраструктурасынын өнүгүүсүнө жана көрктөндүрүү иштерине салым кошуусу, эл арасындагы даттануулар жана алардын алдын алуу, имараттардын сырткы жана ички көрүнүштөрү, тазалыктары эске алынган.

Атайын түзүлгөн комиссия тарабынан чыгарылган жыл жыйынтыгы менен “Райондун мыкты жетекчиси” наамы Замирбек Ормоновго тапшырылып, 25000 сомдук сертификат ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу учурунда район аймагында элдин милицияга болгон ишеними жогорулагандыгы белгиленди.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17