Аймак

ЖАЛПЫ ОРУСИЯЛЫК ЖЕҢИЛ АТЛЕТИКА ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

ЖАЛПЫ ОРУСИЯЛЫК ЖЕҢИЛ АТЛЕТИКА ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

 828 Бардыгы /

Жалпы орусиялык жеңил атлетика федерациясынын президиуму отставкага кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, 28-февралга белгиленген жаңы шайлоого чейин президиумдун ыйгарым укуктарын Орусиянын Олимпиада комитетинин жумуш тобу аткарат.

Президиумдун отставкасына федерациянын World Athletics уюмундагы мүчөлүгүн калыбына келтирүү жана Орусиянын таза спортчуларынын эл аралык мелдештерге катышуусун камсыздоо боюнча ийгиликсиз аракеттер себеп болгон.

31-январда Орусиянын Спорт министрлиги Жалпы орусиялык жеңил атлетика федерациясынын аккредитациясын убактылуу токтотуп, президиум мүчөлөрүнө ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнү сунуштаган.

Жетекчиликти толук алмаштыруу — Жалпы орусиялык жеңил атлетика федерациясынын World Athletics уюмундагы мүчөлүгүн калыбына келтирүү боюнча «жол картасынын» талаптарынын бири болгон. Президиумдун отставкасын орусиялык жеңил атлетчилер өзүлөрү да талап кылып келишкен.

29-январда Жеңил атлетикадагы кызытмага каршы күрөшүү уюмунун тартип органы (Athletics Integrity Unit) Жалпы орусиялык жеңил атлетика федерациясын World Athletics уюмунан чыгарууну жана орус спортчуларынын мелдештерге бейтарап туу менен катышуусуна салынган тыюуну калтырууну сунуштаган.

Орусиянын жеңил атлетикасы эл аралык санкцияларга 2015-жылы ноябрда, Жеңил атлетика боюнча эл аралык ассоциация Жалпы орусиялык жеңил атлетика федерациясынын мүчөлүгүн белгисиз мөөнөткө чейин токтоткондо кабылган. Андан бери орусиялык жеңил атлетчилер эл аралык мелдештерге жеке тартипте гана катышып келишкен. Бирок 2019-жылы жайында кызытмага байланышкан чырдын жаңы этабы башталган. Ал орусиялык спортчу Данил Лысенконун ысымы менен байланыштуу. Ал контролдук допинг-тесттен өтпөгөндүгү үчүн эл аралык мелдештерден эки жылга четтетилген.

Кийинчерээк Лысенко Жеңил атлетика боюнча эл аралык ассоциацияга жасалма документтерди бергени, аны даярдоого Жалпы орусиялык жеңил атлетика федерациясындагы аткаминер жардамдашканы белгилүү болгон.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17